Готовы к первому УЗИ? Готовы к первому УЗИ?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Биринчи жолку УҮИге даярсызбы?

Кош бойлуулуктун бул мөөнөтүндөгү биринчи триместр аяктаган учурунда түйүлдүктүн өөрчүшүнүн одоно кемчиликтери диагностолот, алар эненин өмүрүнө коркунуч жаратат: «көбүктүү ширенди», жатындын тышына бойго бүтүп калуу. Баланын өөрчүшүнүн оор, ай-рым учурларда өмүр менен туура келбеген, Даун синдрому сыяктуу же дагы башка кем-тиктер да байкалышы мүмкүн, аларга өз учурунда керектүү чаралар көрүлөт.

Бул изилдөө түйүлдүктүн өзүн, анын жатында жайгашышын, плацентанын болушун көрүү үчүн зарыл. Албетте, УҮИ кош бойлуулукту биринчи жолу 3 жумасында, тактап айтканда, менструация кечиккенден бир нече күн (болжол менен 5 күн) өткөндө көрсөтөөрү белгилүү. Бирок, 5 жумадан эрте жүргүзүлгөн УҮИ түйүлдүк андан ары өөрчүп жатабы же жокпу- баалай албайт, ошондой эле эмбрионду көрүү мүмкүнчүлүгүн да бере албайт. Жол-жобонун алдында эки саат мурун болжол менен эки литр суюктук ичүү керек, себеби биринчи жолку кароо трансабдоминалдуу жүзөгө ашырылат. Көӊүл буруӊуз! Биздин «Дени сак үй-бүлө» бейтапканабызда УҮИ жол-жобосун өткөрүү үчүн керектүүлөрдүн бардыгы же-ринде бекер берилет! Сиз болгону жол-жобо алдында элементардык гигиеналык жол-жоболорду аткарышыӊыз керек жана сканирлөөнүн алдында болжол менен бир саат му-рун бир жарым литр суу ичишиӊиз зарыл.

Бойго бүткөнүн так аныктоо үчүн, биздин медициналык борбордо биринчи жолку УҮИни белгиленген мөөнөттөн бир топ мурун, кош бойлуулуктун биринчи жумасында эле жасоого болот. Эгер сизде мурда болгон изилдөөлөрдүн корутундусу бар болсо, аны сөзсүз жа-ныӊызга алып алыӊыз. Бул болсо дарыгерге кош бойлуулуктун мөөнөтүн жана болжол-донгон төрөт датасын тагыраак аныктаганга жардам берет.

EmptyView