Баланы биринчи жылында текшерүү
Тѳрѳт артта калып, сиз эми үйүңүздѳ отурасыз. Бирок бул кубанычтын ордун тез эле балага болгон кабатырлануу ээлеп алат. Жаш ата-энелерде ѳтѳ кѳп суроо пайда болот. Баланын мурдунан суу куюлуп жатат, же бала ѳзү ушинтип уктайбы? Биринчи айында 1 кг га салмак кошту, бул азбы же кѳппү? Буттары кыйшык, же бул ченемдүүбү? Бала 1 айлыгында башын ѳзү кармап тура албаса – врачка кайрылуу керек. Бирок кайсы врачка кабыл алууга баруу зарыл – неврологгобу же психологгобу? Ошентип жаш ата-энелер ар кайсы врачтарга чуркай башташат, эң болбоду дегенде – ѳзүлѳрүнүн суроолоруна жоопторду аялдардын форумдарында издешет, же энелеринен, чоң энелеринен же «тажрыйбалуу» курбуларынан жооп издей баштайт.
Педиатр Ал гана эмес, баланын ата-энелеринин жана баланын эч жери оорубаса дагы, педиатрга кабыл алууга ар айда келип туруу керек. Врач баланын дене бойлук абалын текшерип баалашы зарыл. Баланын салмагы кандай кошулуп жатат, кантип ѳсүп жатат, башы жана кѳкүрѳк клеткалары канчага чоңоюп жатат? Ошондой эле баланын психомотордук ѳѳрчүшүн да байкашы керек. Башын убагында кармап баштадыбы, оодарыла алабы, отура алабы? Бул жерде кеп толук кандуу мезгилине жетип тѳрѳлгѳн бала тууралуу болуп жатат. Эгер бала тѳрѳлѳр менен дароо табылган тубаса ооруга же патологияга ээ болсо, бала тѳрѳлгѳн биринчи күндѳн баштап эле профилдик адистиктеги врач менен да «достошуу» талап кылынат.
Пайдасыз текшерүү Баланын биринчи жылында аны кайсы врачтарга кѳрсѳтүү, кайсы анализдерди тапшыруу керек, жана деги эле муну жасоо керекпи? Эгер педиатор ушундай максаттуулукту кѳргѳн болсо, керек. Медициналык ар бир кийлигишүү негиздүү жана коопсуз, эң негизгиси – маалымат берерлик болушу зарыл. Мисал келтирели. Гемоглобиндин деңгээлин текшерүү үчүн кандын жалпы анализи. Баланын темирге таңкыстык анемиясын текшерүү үчүн айрым бейтапканаларда аны 2-3 айында эле анализ берүүгѳ жиберишет. Бирок, бала 9 айга толгончо жасалган бул анализ маалымат бере албайт. Айрым учурларда врач баланын башын туура кармагандыгын, бутуна тура алуусун баалап беришин күткѳн ата –энелер бала 3 айында, 6 айында, 9 айында жана бир жашка толгондо, педиатрдан бардык учурларга деп, неврологго багыттама «сурап алышат». Ал эми врач «сактык үчүн» ар бир экинчи баланы нейросонограммага жибере берет. Жаш курак ченемдерине ылайык ѳсүп жаткан дени соо балага бул кошумча изилдѳѳлѳр кереги жок. Алар ата-энесин тынчытуу үчүн гана керек. Же тескерисинче да болушу мүмкүн: нейросонограммадан кандайдыр бир четтѳѳлѳрдү кѳрүп, ата-эне баланы ар түрдүү дарылар менен дарылай баштайт, ал эми ал жекече «ченем эмес» нерсе баланын ден соолугуна да, жана анын ѳсүүсүнѳ да эч кандай таасир этпеши мүмкүн.
Мындай четтѳѳгѳ укук Баланын ѳсүшүндѳгү «ченемдегилерди» жана «ченемде эместерди» (дене бойлук жана психомотордук) интернеттеги таблицаларды топтоп алган энеси эмес, адис гана аныкташы керек. Балага тѳрѳлгѳн күнүнѳн баштап байкоо жүргүзүп келе жаткан врач гана - 600 г салмактын кошушунун аздыгын же кѳптүгүн чече алат. Салмагы тез ѳсѳ баштаса, кошумча тамактар ашыкча берилип жаткандыгынан, же бала ооруп калганда жоготкон ѳзүнүн керектүү салмагын «кууп жетип» бара жатканынан кабар берет. Эгер ата-энеси экѳѳ тең «баскетболдуку» бойго ээ болгондор болсо, баланын бою ѳзүнүн теңтуштарынан бир аз бийик болсо, врач кабатырланбайт. Ал эми ата-энесинин экѳѳнүн тең бою жапыз болсо, анда бул гормоналдык бузулууларды жокко чыгаруу үчүн эндокринологго кайрылууга себеп болуп саналат.
Ар бир камкор ата-эне бардык эле бала ѳзүнүн ѳсүүсүндѳ кандайдыр бир четтѳѳгѳ укуктуу экендигин билиши керек. Алардын ою боюнча, баланын психомотордук ѳѳрчүшүндѳгү бузулуулар ата-энелерин кѳбүрѳѳк кабатырлантат. Мисалы, улуу баласы 10 айында эле басып кеткен болсо, кичүү кызы бир жашында бутуна араң турат, демек ал оорулуу эмеспи деп ойлошот. Эгер бирѳѳнүн таянычы менен да бутуна тура алса – кандайдыр бир башка сиптомдор жана четтѳѳлѳр болбосо, оорулуу эмес. Ал эми педиатр буга шектенсе – ал ата-энелерди неврологго же ортопедге жиберет.