Баланын денесинин бышып кетиши, ага кандай чара көрүү керек?
Дененин бышып кетиши – эмчек эмгек наристелерде көбүрөөк кездешчү, теринин сезгенип жабыркоосу. Бул катта биз тери көйгөйүнүн себеби жөнүндө айтып, аларды болтурбоо үчүн бир нече кеӊеш беребиз.
Дененин бышып кетиши кандай болот? Дене бышуунун бир нече баскычы бар.
Дененин кайсы жери бышат? Негизинен, теринин бүктөлгөн жерлери жабыркайт. Көбүнчө чатында, жамбаштарында, моюнунда, колтуктарында «жашынып жатат».
Эмне себептен тери бышат? Сезгенүү процессин түрдүү дүүлүктүргүчтөр пайда кылат. Негизги «күнөөлүүлөрдүн» тизмегинде тер, теринин майы, заара жана синтетикалык айналар турат. Ошондой эле, баланын назик терисинин сезгенүүсүнө сүрүлүү, ным жалаякта көпкө болуусу же толуп калган жаляк шымы, ошондой эле гигиена эрежесин сактабастык түрткү кылат.
Дененин бышып кетүүсүн кантип болтурбоо керек? Бала тердеген жагдайдан алыс болуӊуздар:
Сүрүлүү тобокелдигин минимумга жеткириӊиз:
Гигиена эрежелерин сактаӊыз:
Тери бышкан экинчи жана үчүнчү баскычтарда педиатрга сөзсүз кайрылыӊыз. Балдардын тери оорулары тез өөрчүйт, ошондуктан консультацияга барууну создуктурууга болбойт.