Как правильно менять подгузник. Как правильно менять подгузник.
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Жаӊы төрөлгөн наристе үчүн ар жумалык ритуалдар: жалаяк шымды кантип туура алмаштыруу керек.

Жаӊы төрөлгөн наристелердин жалаяк шымдарын алмаштыруу процесси тажрыйбасыз эне-атага татаал жана таӊ калтыра турган нерсе катары сезилиши мүмкүн, а чынында жөнөкөй эле бир нече эрежелерди иштетиш керек. Балага ыӊгайлуулукту, комфортту жана кургак жүрүүсүн кантип камсыз кылуу керек? Биздин макаладан окуӊуз.

Жалаяк шымдарды канча убакытта которуп туруш керек? Азыркы жалаяк шымдар нымдуулуктун атайын индикатору менен жабдылган, алар убакыт келгенде билдирип турушат. Жалаяк шымды ачып, карап, баланын уйкусун бузуунун зарылдыгы жок, аны ар бир заӊдаганынан, уйкусунан жана тамактанганынан кийин текшериӊиз. Ошондой эле баланы уктатканга жаткырып жатсаӊыз, же сейилдөөгө чыгарганы же алыскы жолго кеткени жатсаӊыз таза жалаяк шым кийгизүү сунушталат. Биринчи айларда күнүгө 15-20 жалаяк шым корошу мүмкүн, бирок бала улам чоӊойгон сайын бул сан 5-8 даанага чейин кыскарат.

Жалаяк шымды кантип которуу керек?

  1. Биз үйдүн ичинен баланы орош үчүн атайын мейкиндик даярдап коюшуӊузду сунуштайбыз, ал жакта орош үчүн керектүү нерселердин бардыгы турушу керек. Мындай орунду бир жолу жасап коюп, сиз бир нече убакытты үнөмдөйсүз жана канча жалаяк шым/ салфетка, жалаяк жана бала упасы калганын,эмнени сатып алып келиш керектигин билип каласыз. Жалаяк шымды алмаштыруу үчүн орун туруктуу жана катуу болушу керек. Жалаяк шымды алмаштырардын алдында колуӊузду самын менен жууганды унутпаӊыз.
  2. Колдонулган жалаяк шымды алмаштырыӊыз да, терисинин ар бир бүктөмүнө өзгөчө көӊүл буруп, ным салфетканын жардамын менен баланын терисин сүртүӊүз. Бардык кыймылдын алдынан артка карай кетишин көзөмөлдөӊүз. Ошондой эле суунун жардамы менен ушинтип тазалоого болот.
  3. Териге кургаш үчүн 15-20 мүнөт мүмкүндүк бериӊиз. Эгер сиз үйдө эмес болсоӊуз же убакытыӊыз чектелген болсо, гигиенанын жаӊы каражатын дароо кийгизиӊиз, бирок кийинки жолу аба ваннасын өткөрүп жибербеӊиз.
  4. Баланын териси өзгөчө сезимталдыгын жана ал кызарып кетүүгө жөндөмдүү экендигин сезсеӊиз, ага мазь же балдар упасын себиӊиз, ошондон киийн гана жаӊы жалаяк шым кийгизиӊиз.
  5. Баланын бутун назик көтөрүӊүз да, анын алдына таза жалаяк шымды жайыӊыз. Түстүү маркировкасы сиз көрүп тургандай жайгашышына көӊүл буруӊуз.
  6. Жалаяк шымды жабышкактарга бекем жабыштырыӊыз. Денеге чыпташканын минтип текшерсе болот: жалаяк шымдын куру менен баланын денесинин ортосунда сиздин эки бармагыӊыз баткыдай болсун, жалаяк шым кыса топчуланбашы керек. Эгер сиз баланын курсагынын териси кызарып кеткенин байкасаӊыз, жалаяк шым катуу топчулангандыгынын же чоӊураак өлчөмдү ченем көрүүнүн белгиси.

Сиз баланын жалаяк шымынын топчулагычтарын чечкенде, эркек бала заара ушатып жибербеши үчүн, жалаяк шымдарын ачпай бир нече мүнөт күтө туруӊуз. - балдарда даро заара ушатуу болуп калат. Салфетканы даярдап, аны менен баланын гениталиясын жаап, андан кийин гана жалаяк шымды утилдеӊиз. Жалаяк шымды түнкүсүн кантип алмаштыруу керек?

  • Баланын уйкусун бузуп албаш үчүн, өтө жарыкты колдонбоӊуз
  • Жалаяк шымын тынчтыкта алмаштырыӊыз жана бала менен сүйлөшпөгөнгө аракет кылыӊыз
  • Баланы суу менен кабатырлантпастан, ным салфеткаларды колдонуӊуз
  • Жалаяк шымды алмаштырып бүткөндөн кийин, баланы эмизиӊиз.
  • Наристенин киндигине кам көрүүгө өзгөчө көӊүл буруӊуз:

    1. Мүмкүнчүлүккө жараша наристе үчүн жалаяк шымды киндиги үчүн атайын кесиги менен тандаӊыз. Бул киндигинин айыгышын жеӊилдетет.
    2. Врачыӊыз өзгөчө жол-жобо дайындабаган болсо, киндигинин тегерегин ным ватадан тампон менен сүртүӊүз.
    3. Киндигинин калдыгы өзү түшүп калат. Негизинен бул бала төрөлгөндөн баштап 10-21 күндүн ичинде болот.
    4. Киндиктин ылдыйкы бөлүгү өзгөчө көӊүл бурууну талап кылат – бардык кирлерди дыкат, бирок жумшак тазалап туруӊуз.
    5. Эгер сиз баланын киндигинин тегерегинен сезгенүүнү көрсөӊүз, педиатр менен сөзсүз түрдө кеӊешиӊиз жана ага кам көрүүгө каражат тандап алыӊыз. Жалаяк шымдарды көп колдонсоӊуз, баланын териси эс алып, дем ала алгыдай убакытты тандаӊыз. Бала отурганды үйрөнгөндө, аны дароо горошокко отурганга үйрөтүӊүз – бул кошумча аксессуарлардын жардамын алууну азайтат.

    EmptyView