Правила купания Правила купания
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Киринтүү эрежелери

Жаӊы төрөлгөн наристени алгачкы жолу киринтүү Наристени үйдө биринчи жолу киринтүү – ата-энесинин эсинде кала турган өзгөчө окуя болуп саналат. Туура мамиле жасалса, сууга түшүү бала үчүн тез эле адатка айланат да, ал бул нерседен ырахат алууга көнүгөт.

Баланы чилде сууга качан салууга болот? Наристе төрөт үйүнөн чыккан эле күнү киринтүүгө болот. Кошумча стресстен алыс болуш үчүн, баланы киринтүүнү төрөт үйүнөн чыгаргандын эртеси күнкүгө жылдырууга да болот. Айрым педиатрлар баланын киндиги айыкмайынча киринтүүнү токтотуп турууну, ага чейин ным салфетканы эле колдонуп турууну сунушташат.

Киринтүү үчүн эмнени даярдоо керек? Баланы балдардын анатомиялык ваннасында жуунтуу ыӊгайлуу. Бул жол-жобо учурунда сиз өтө эле эӊкейип калбашыӊыз үчүн кичине ваннаны чоӊ ваннанын ичине эмес, бийик жерге (стулга, кир жуучу машинанын үстүнө) коюп алыӊыз. Суу үчүн жана бөлмө ичинин табын ченөө үчүн градусник сатып алыӊыз. Суу наристеге жагымсыз абал жаратпашы керек. Киринтүү үчүн суунун оптималдуу табы 36–37°С, бөлмөнүн ичинин табы – 20–25°С болушу керек. Эмчектеги балага суук тийгизип албоо зарыл, себеби алардын организми азырынча жылуулукту кармап тура албайт. Киринтүүнүн алгачкы айларында аккан сууну эмес, кайнаган же чыпкаланган сууну колдонуу ылайык. Даяр сууга череда жана ромашка чөптөрдүн кайнатмасын кошконго болот. Азыр баланын киндиги айыкканга чейин, сууну жугушсуздандыруу үчүн марганцовканын аралашмасын дээрлик кошпой калышкан. Эгер ушундай жасоону чечсеӊиз, өтө этият болуӊуз. Марганцовканы сууга башка идиште аралаштырып алыӊыз, ал ачык күлгүн түстө болуш керек. Аралашманы ваннага куярдан мурун, эрибей калган кристаллдары баланы киринтүүчү сууга түшүп кетпеши үчүн, аны бир нече катмар марлиден чыпкалап алыӊыз. Баланы чайкаганга чөмүч жана жумшак губка ашыкча болбойт. Балдар косметикасынын ичинен балдар үчүн самынды жана «жашсыз» шампунду даярдоо керек. Баланы суудан алып чыгар менен орош үчүн, чоӊ жумшак сүлгүнү жана таза кийимдерин алдын ала даярдап коюӊуз. Жаны төрөлгөн наристени кантип, канча убакытка жана качан киринтүү керек? Бала чөйрөнүн дароо өзгөргөнүнөн сестенбеши үчүн, аны сууга бутунан баштап салып, башын кулагына суу киргизип албагыдай салуу зарыл. Бетине суу чачыраткандан алыс болуӊуз. Жөнөкөй гигиена үчүн 3-5 мүнөт эле жетишет, бирок бала сууда чайынып жатканына ырахаттанса, сууда жууну жол-жобосун 10-20 мүнөткө созууга болот. Суунун табын көзөмөлдөөнү унутпаӊыз, бала үшүп калбашы керек. Баланы күн сайын киринткенге болот, жана күндүн туруктуу режимин уюштуруп алуу үчүн муну күнүгө бир гана маалда аткарууга аракеттениӊиз. Эгер бала кыӊырылып турса, суу жол-жоболорун жаман кабыл алса, анда күн алыс киринтүүгө болот. Эл аралык стандарттар боюнча баланы жумасына 2-3 жолу жуунтуу жетиштүү. Эгер бала ооруп калса же киринтүү үчүн тиешелүү шарттар болбосо, чайынууну токтото турууга туура келет. Бул учурда нымдуу чүпүрөк менен денесин сүртүп коюӊуз.

Киринткен соӊ, наристенин денесине кам көрүү Суу баланын назик денесин кургатып жиберет, андыктан терини максималдуу нымдаштыруу үчүн киринтип бүткөндөн кийин балдар үчүн майды же дене үчүн сүттү колдонуу зарал. Бардык бүктөмдөрүн калтырбай, денесин майлап чыгыӊыз. Алгачкы күндөрү энеге бирөөнүн жардамы ашыкча болбойт, экөөлөп киринткен ыӊгайлуу. Жол-жобо учурунда унчукпай калбаӊыз, балаӊызга жылмайыӊыз, ыр, жомокторду айтып бериӊиз. Бул болсо баланын сууга түшүү расмисине тез көнүшүнө көмөк көрсөтөт. Наристеӊиздин алгачкы жолку сууда чайынышын сактап калуу үчүн, фото аппаратты же тартуу камерасын даярдап алууну унутпаӊыз!

EmptyView