Массаж для малыша Массаж для малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Наристени укалоо

Балдарга арналган укалоо Укалоо баланын чыӊалган күндөн кийин алаксыганга, ата-энеси менен убакытты көӊүлдүү өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Артыкчылыктары Укалоо эндофриндерди жана окситоцинди кошо, кубанычтын белгилүү гормонун иштеп чыгууга өбөлгөлөйт. Укалоо учурунда иштелип чыккан эндофриндер организм үчүн ооруну жеӊилдетүүчү табигый каражат болуп саналат. Укалоодон улам бала өз денесин жакшы тааныйт. Айрым балдар укалап жатканда чыӊалып турушат, башкалары денелерин бош кармайт, айрым учурларда ашыкча бош кармашат. Биз укалоого бүтүндөй мамиле кылганда, денесин бош кармаган балага дүүлүктүргүчтөрдү көбүрөөк кошобуз, ал эми чыӊалып турган балдарга бошоӊ болууга көбүрөөк мамиле жасайбыз. Укалоо нерв тутумунун өөрчүшүнө көмөк көрсөтүп, мээ менен дененин ортосунда өз ара аракеттенүүгө жардам берет. Инвазивдик жол-жоболор, үй-бүлөдөн бөлүнүүнү башынан өткөргөн же төрөлүшү оор болгон балдар, денесине бир нерсе тийишүүдөн кыжалаттанышы мүмкүн. Балаӊыздын реакциясына дыкат көӊүл буруӊуз. Укалоого этияттык менен мамиле жасоо коркууну дарылоого жана ишенимди калыбына келтирүүгө жардам бере алат. Баланын колу бутун чойгон ата-эненин жардамы менен, бала муну өз алдынча жасоого жеӊил үйрөнөт. Бул баланын денесиндеги чыӊалууну жоготуунун мыкты ыкмасы. Укалоо иммундук тутумду соо кармап турат жана кандын жана денедеги лимфанын жакшы айланышына көмөк көрсөтөт. Тынч уктаганга жардам берет. Андан тышкары кайсы тийишүү «коопсуз» болорлугун, кайсынысы андай эместигин аныктоого балага жардам берет. Укалоо – аны жакшы көрөрлүгүн жана ага кам көрөрүн көрсөтүүнүн мыкты ыкмасы болуп саналат.

Даярдык Жылуу бөлмөдө полдон орун табыӊыз. Килемче же одеял төшөӊүз да, аны сүлгү менен жаап коюӊуз. Зарылдыкта, баланын үстүн жабуу үчүн колуӊузда камдык сүлгү же одеял кармап туруӊуз. Ыӊгайлуу кийинип турганыӊызга, укалоо учуруда баланын денесин тытып албаш үчүн тырмагыӊыз алынганына, манжаларыӊызда ювелирдик буюмдардын жоктугуна ынаныӊыз. Сизге жана балаӊызга жаккан тынчытуучу музакыны коюӊуз. Укалоонун алдындагы жылуу чайынуу релаксацияны күчтөнтөт. Эгер бул түнкү уйкунун алдында болсо, өзгөчө пайдалуу. Баланы укалоочу нерсенин бетине жаткырганыӊызда, бутуӊузду анын эки тарабына сунуӊуз. Бул болсо балаӊыздын өзүн коопсуздукта сезгенге жардам берет, жана бири-бириӊиздердин көзүӊүздөрдү карай аласыздар. Наристеӊиз менен сүйлөшүӊүз. Сиз май же лосьон куюлган бөтөлкөнүн оозун ачып жатканыӊызды көрсүн, андан бир аз алаканыӊызга куюп алып, жылытыӊыз. Бул баланын сизге болгон ишенимин бекемдөөгө жана укалоону адатка айлантууга жардам берет. Кийинкисинде бала мындай жагымдуу жол-жобону өзү күтүп калат. Эгер балаӊыз өзгөчө муктаждыкка ээ болсо, же ден соолугунун абалы өзгөчө болсо, укалоонун алдында врач менен кеӊешиӊиз.

Буттары жана тамандары Бир колуӊуз менен буттарын кармаӊыз да, экинчи колуӊуз менен анын белинен кучактаӊыз. Кызыл ашык томугуна карай сыйгалануучу кыймыл жасаӊыз. Колдоруӊузду алмаштыруу менен, «саап» жаткандай эффект кылыӊыз. Бутун кучактаӊыз да, токтоп туруӊуз, баланын көзүн карап «Бул сенин таманыӊ!» деп сүйлөӊүз. Бармактарыӊызды бириктирип, колуӊузду белинин эки тарабына коюӊуз да, кончуна чейин жеткиче тегеретип чыгыӊыз («которулуу» эффектиси). Муну кайра кайталаӊыз. «Буттарын эки колуӊуз менен кучактаӊыз да, «Бул сенин буттарыӊ!» деп, токтоп туруӊуз.

Курсагы Бармактарыӊызды бириктириӊиз да, курсагынын үстүнөн сааттын жебеси боюнча тегерете кыймыл жасаӊыз, биринчи бир колуӊуз менен, андан кийин экинчи колуӊуз менен тегеретиӊиз. Колуӊуз кабыргалардын алдында болуп, табарсыгын кыспагандыгына ынаныӊыз. Бармактарыӊызды бириктириӊиз да, колуӊузду көкүрөгүнүн так ортосуна коюӊуз жана колтугуна чейин сылап барыӊыз. Тизелерин баланын курсагын көздөй бүктөӊүз да, 10 секунд кармап туруӊуз, андан кийин бутун жай түздөӊүз. Колуӊузду анын курсагына коюӊуз да, «Бул сеин курсагыӊ!» деп, токтоп туруӊуз. Эгер баланын ичи бурап ооруганга, же ичи катканга жакын болсо, жалаяк шымдарды ар бир которгон сайын курсагын укалап туруӊуз. Эгер бала эмүү кыймылын жасаса же колун оозуна алып барса, анда ага укалоо жагып жатат.

EmptyView