Что нужно знать о пеленании малыша. Что нужно знать о пеленании малыша.
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Бөбөктү ороо жөнүндө эмне билүү керек.

Төрөт үйүнөн эле көптөгөн аялдар баланы ороо процессинде кыйынчылыкка дуушар болушкан. Бөбөккө жайлуу болушу үчүн, аны кантип ороо керектигин түшүндүрөлү деп чечтик.

«Баланы ороо» жөнүндөгү маселе жакында эле көтөрүлө элек болчу. Төрөт үйүнөн чыгып жатканда муштумдай болуп оролгон баланын сүрөтү бардыгыбыздын эле эсибизде - ал учурда ошондой кабыл алынып калган эле. Баланы туура орогонду аялдар муундан муунга үйрөтүшкөн. Азыр болсо бала менен байланышкан көптөгөн нерселерге көз караш такыр өзгөргөн, ошондуктан бул маселени ар бир ата-эне өзүнүн педиатры менен чогуу чечет. Ороп коюу аларды чектелген мейкиндик гана тынчыткан тынчы жок балдарга көрсөтүлгөн: ороп коюу аларга энесинин курсагында жаткандай сезилет. Тынчы жок балдар уктап жатканда колун керип жиберип, коркуп кетишет да, ыйлай башташат, ошондуктан ороп коюу аларга жардам берип, ата-энесин да тынчытат.

Ороп койгонго «макул» жана «каршы». Жакшы жактары:

  • Ороп коюу баланын укташын жеӊилдетет жана анын уйкусун тынч кылат, демек, уйкусу узак болот. Бирдей шартта бала жалаякта узак уктайт.
  • «Пилланын» атмосферасынан улам коопсуздукту сезүү – наристеде энесинин курсагында жаткандай бекем ассоциация ьпайда болот.
  • Көптөгөн ата энелерге боди жана слиптерди алмаштырганча, жалаяктарды алмаштырган жеӊилирек.
  • Жамбаш бел муундарынын дисплазиясынан алдын алуучу «кенен ороо» ыкмасы бар. Мындай ыкманы дарылоочу врачтын гана кеӊеши боюнча колдонууга болот.
  • Баланы ороонун терс жактары

  • Катуу ороп салуу, түрдүү паталогияларды жаратып, баланын буту-колунун дене бойлук өсүшүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн. Азыркы учурда мындай техника сунушталбайт жана дээрлик колдонулбайт.
  • Бала ашыкча ысып кетүү коркунучу бар. Бала эмне кийерин жана жалаяктын калыӊдыгын алдын ала ойлонуп коюӊуз. Тыштагыга караганда, «пилланын» ичинде абанын табы жогору болот.
  • Сергек болуп жүргүндө педиатрлар баланы такыр эле оробой коюуну сунушташат – бул баланын дене бойлук өсүшүнө таасир этиши мүмкүн.
  • Баланы ороонун түрлөрү Бала ар түрдүүчө оролорун билчү белеӊиз? Катуу ороо. Жалаяк баланын денесин бекем курчап жана буту-колун жана башын бекем кармап турган ыкма үчүн физиолгиялык эмес деп эсептейт заманбап илим. Мындай ороо психологиялык дискомфортко гана эмес, баланын өсүшүнүн бузулушуна да түрткү берет. Бош ороо Классикалык кенен ороо – баланын колу буттары «пилланын» ичинде болгон ыкма, бала бул конверттин ичинде буту-колун кенен жылдыра алат. Мындай ороо үчүн баланын колун түздөө талап кылынбайт – аны көкүрөгүнө эле коюп коюшат. Ошондой эле «буттарын ороо менен» класикалык ороо бар, мынднай ыкмада баланын жигердүүлүгү дээрлик чектелип калат. Баланын колу менен көкүрөгү ачык кала берет. Кенен ороо. Жамбаш бел муундарынын туура калыптанышындагы көйгөйлөрдө кенен ороо колдонулат. Баланы ороонун бул түрү врачтын гана көрсөтмөсү боюнча колдонулат. Мындай ороодо баланын буттары «М» позасында болот.

    Баланы кантип орош керек? Врачтар кенен ороону колдонууну физиологиялык туура вариант катары сунушташат. Баланы мындай ыкма менен орош үчүн, сизге 1х1,2 метр өлчөмүндөгү таза жалаяк керектелет.

    Жалаякты тегиз столдун бетине жайыӊыз да, жогорку бурчун бүктөп коюӊуз. Анан баланын бир колун көкүрөгүнө бир аз ийиӊиз да, жалаяктын ушул бурчун баланнын артына алып келип ороӊуз. Андан кийин, төмөнкү бурчун өйдө ороӊуз да, экинчи колу жагынан биринчи жагындай кайталаӊыз. Буттарын орош үчүн колун ороо кадамдарынын бирин алып салыӊыз. Биз бир аз кичирек жалаякты колдонуп, аны баланын колтугунун алдынан өткөрүүнү сунуштайбыз.

    Канча жашка чейин орош керек? Баланы канча жашка чейин орош керектиги боюнча так жаш курак жок, бирок 4-5 айында балага эркиндикти көбүрөөк берип, колдорун акырындык менен бош коюуну адатка айландыра баштоо зарыл. Баланы оробосо деле, ал баары бир саламаттыгы чыӊ болуп өсө берет, ошондуктан акыркы чечим өзүӊүздөрдөн. Интуицияӊыздарды угуӊуздар жана баланы көзөмөлдөӊүздөр – ага кандай уктаган ыӊгайлуу экендигин сиз гана аныктай аласыз.

    EmptyView