Сууда сүзүү үчүн трусиктер: бул эмне жана кандай иштейт Сууда сүзүү үчүн трусиктер: бул эмне жана кандай иштейт
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Сууда сүзүү үчүн трусиктер: бул эмне жана кандай иштейт

Сууда сүзүү – балдар үчүн да, чоңдор үчүн да бирдей пайдалуу. Өзгөчө балдар үчүн пайдалуу. Анткени алардын организми калыптануу процессинде турат жана ал үчүн чыйралтуу, булчуңдарын жана иммунитетти бекемдөө, ал эми андан ары – жакшы келбетти калыптандыруу өтө маанилүү. Сууда сүзүү сөөк тканын бекемдөөгө, жүрөк-кан тамыр жана нерв системасын өнүктүрүүгө таасирин тийгизет. Бирок мындай көптөгөн артыкчылыктары менен катар сууга сүзүү күчтүү сергектик жана позитивдүү маанай тартуулайт. Ошондуктан сууга түшүү убагында бала өзүн ыңгайлуу сезгени жана процесстен ырахат алганы маанилүү. Бул үчүн аны гигиена маселелери тынчсыздандырбашы керек. Бул жерде бир жолку сууда сүзүү үчүн трусиктер жардамга келет, алар кээде сууга сүзүү үчүн жалаякшымдар деп аталат. Бул эмне экенин макалада айтып беребиз.

Бир жолу пайдаланылуучу сууда сүзүү үчүн трусиктер: бул эмне? Сууга сүзүүдө кийилүүчү ич кийимден/жалаякшымдардан эмнеси менен айырмаланат?

Мындай трусик-жалаякшым бар экенин бардык эле ата-эне биле бербейт. Ал эми бул 3 жашка чейинки баласы менен деңизге, аквапаркка же бассейнге барганы жаткан адамдардын жашоосун кыйла жеңилдетет.

Сууга сүзүү үчүн жалаякшымдар эмне үчүн керек?

Алар:
  • горшокко бара элек же жаңы гана үйрөнгөн баланын табигый бөлүп чыгарууларын кармап калууга жардам берет. Биринчи кезекте, заңды, анын ичинде суюк заңды кармоо жөнүндө сөз болууда. Себеби бала бир-эки жашка чейин чоң адамдай болуп заара ушатууну жана заңдоону контролдоого жөндөмдүү эмес. Муну менен катар сууга сүзгөндө перистальтика бошоңдойт. Эгерде балада атайын жалаякшым жок болсо, уят болуу камсыздалды дей бериңиз. Жаңы жагдай дагы кошумча фактор болушу мүмкүн: эгер сиз башка өлкөгө эс алууга барып, балаңыз менен деңизге түшкөнү жатсаңыз, кичинекей балаңыздын сууда сүзүү үчүн жалаяктары жок болсо, жагымсыз күтүүсүздүктөр болушу мүмкүн. Үйдөгүдөй эмес жагдай, суунун курамы, мурда билбеген тамак-аш жана жалпысынан стресс роль ойнойт жана ич өтүүгө алып келиши мүмкүн;
  • эгерде ачык көлмө – дарыя, көл, деңиз тууралуу сөз болуп жатса, баланын денесинин назик жерлерин кирден жана кумдан коргоого жардам берет;
  • үч жашка чейинки балдарды аларда сууда сүзүү үчүн трусиктери жок болсо жасалма көлмөгө киргизбеген айрым бассейндердин жана аквапарктардын талаптарын сактоо мүмкүнчүлүгүн берет. Бул башка адамдарга кам көрүү менен гана эмес, финансылык себептер менен да шартталган: анткени бассейнге заң массасы тараса, анда кымбат тазалоону аткарууга туура келет.
Сууга сүзүү үчүн жалаякшымдар кадимки жалаякшымдардан жана сууга сүзүүдө кийүүчү ич кийимден эмнеси менен айырмаланат? Сыртынан алар стандарттуу жалаякшымдарга абдан окшош жана балага ыңгайлуу болушу үчүн сиңирүү жөндөмдүүлүгү сакталат. Алар ошол эле принцип боюнча утилдештирилет. Муну менен катар маанилүү артыкчылыктары дагы бар:
  • жөнөкөй жалаякшымдар сууда көөп калат, ал эми сууда сүзүү үчүн жалаякшымдар – көппөйт;
  • сууда сүзүү үчүн жалаякшымдарда тышкы суу өткөрбөс катмар бар, ал суюк бөлүп чыгаруулардын сууга агуусуна жол бербейт. Ал тыгыз жана жука полимер материалдан жасалган, ал денеге жакшы жабышат. Сиңирүүчү катмар дагы бар – ал суунун таасири алдында формасы бузулбаган материалдан жасалган.
  • Кадимки жалаякшымда сиңирүү процесси башкача түзүлгөн, бети аба өткөрөт, суюктукту гелге айландыруу каралган жана башка;
  • чоңойгон балдар кийген кадимки сууда сүзүүдө кийүүчү ич кийим бөлүп чыгарууларды сиңирүүнү жана аларды ичте кармоону карабайт;
  • сууда сүзүү үчүн трусиктерде күчөтүлгөн каптал жээктери жана резинкасы бар, алар бөлүп чыгаруулардын сууга таралышын кармоого жардам берет.
Ошентип, жагымсыз бөлүп чыгуулар сууда сүзүү үчүн трусиктер даярдалган атайын материалдардын эсебинен чечилет.

Сууда сүзүү үчүн трусиктерди кантип пайдалануу керек?

Сактоо талап кылынган бир нече эреже бар:
  • баланын салмагына жана боюна ылайык трусиктердин өлчөмүн кылдат тандоо. Бул өтө маанилүү – анткени алар денеге канчалык бекем жабышканынан алардын натыйжалуулугу көз каранды болот;
  • трусик даярдалган материалдын сапаттуу, ал эми бренд – ишенимдүү болушун көзөмөлдөө;
  • трусиктерди саат сайын алмаштыруу керек. Аларды пайдалангандан кийин ыргытыңыз, алар көп жолу пайдаланууга арналган эмес. Биринчиден, алар акырындык менен формасын өзгөртөт жана суунун таасири алдында чоюлуп калат. Экинчиден, нымдуу жалаякшым – ар кандай микробдордун көбөйүшү үчүн эң жакшы чөйрө, алар кургагандан кийин дагы үстүңкү бетте сакталып калат;
  • трусиктерди сууга түшүү убагында гана кийүү керек. Бала жээкке чыккандан кийин ага жөнөкөй жалаякшымды кийгизүү керек – болбосо тери нымдуу трусикте сүрүлүп, бул бышып кетүүгө алып келиши мүмкүн;
  • эгерде трусиктерди балага «коопсуздук» үчүн гана кийгизсеңиз жана ал горшокко бара алса, анда сууга түшүүдөн мурун аны дааратканага алып барууга болот;
  • «талаа шарттарында» колдонуудан мурун трусиктердин таасирин үйдө, ваннада сынап көрсөңүз болот;
  • трусиктерди тандоодо жабыштыргычы жакшы бекитилгенине, резинкасы бекем жана чоюлчаак экенине, трусиктер белге жана сан тушта бекем кыналганына көңүл буруу маанилүү;
  • трусиктердин өлчөмүн аныктаганга чейин дароо чоң таңгакты сатып алуунун кереги жок. Алгач сизге дал ушул бренд жана өлчөм канчалык ылайык келерин текшерүү керек. Үч жашка чейин балдар тез өсүшөт: алдын ала чоң таңгакты сатып алсаңыз, бул трусиктер тез эле балага батпай калышы мүмкүн;
  • мындай кичинекей куракта сууда сүзүүнүн узактыгы 20 мүнөттөн ашпашы керек. Бала өзүнүн муздап калуу деңгээлин баалай албайт, ошондуктан бул милдет ата-энеге жүктөлөт.

Huggies сууда сүзүү үчүн трусиктери

Бассейн үчүн кандай жалаякшымдар жакшы? Сиз ишенимдүү болгон жалаякшым. Мисалы, Huggies сууда сүзүү үчүн трусиктеринин бир катар артыкчылыктары бар:
  • алар аба өткөрөт жана жука – анатомиялык формасынын аркасында активдүү сууда сүзүү кыймылын чектебейт;
  • таңгакта 11-12 даана – 1-2 жума өргүүгө жетет;
  • үч өлчөм, чоң салмактык диапазон: алар 3төн 18 килограммга чейинки ымыркайлар үчүн, башкача айтканда биринчи айдан тартып 3 жашка чейин арналган;
  • жаткан балага да оңой кийгизилет;
  • бир секундада чечилет – болгону каптал тигишин айрып салуу керек;
  • жакшы көргөн мультфильм каармандары менен сонун дизайн;
  • трусиктердин ички бөлүгү жасалган материал өтө жумшак;
  • бут жакта агып калуунун алдын алуу үчүн кош манжет бар;
  • жабыштыргычы жазы жана бекем, трусиктер сууда шыпырылып калбайт.

Тыянактар

Заңдоону жана заара ушатууну контролдой албаган кичинекей бала бассейнде/деңизде уят болбой сууга түшүүсү үчүн сууда сүзүү үчүн бир жолку трусиктер ойлонуп табылган. Алар кадимки жалаякшым сыяктуу эле көрүнөт, бирок башка материалдан жасалган жана көпчүлүк касиеттери айырмаланат. Ошентип, сууга сүзүү үчүң жалаякшымдар: кандай болот? Аларда тышкы суу өткөрбөй турган катмар жана атайын ички катмар бар, ал бөлүп чыгарууну сиңирет, муну менен катар көбүп кетпейт жана сууда формасын жоготпойт. Сууда сүзүү үчүн көп жолу пайдаланылуучу жалаякшымдар: кантип пайдалануу керек? Кадимки жалаякшым сыяктуу эле принцип боюнча. Алар өлчөмү боюнча ылайык келерин текшерүү жана убагында алмаштыруу жетиштүү. Сууда сүзүү үчүн кайсы жалаякшым жакшы? Жооп ачык-айкын – өлчөмү, формасы жана башка касиеттери боюнча балаңызга ылайык келгени.

EmptyView