Полезные рецепты для беременных Полезные рецепты для беременных
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Кош бойлуулар үчүн пайдалуу рецептилер.

Жегенге булар сунушталат:

  • Майсыз эт – тоок эти, үндүк эти, топрок эти.
  • Балык – сууга же бууга бышырылган, меште да бышырууга болот. Туздалганын же ышталганын жегенге болбойт.
  • Тооктун жумурткасы – омлеттер, жумуртка менен бууда бышырылгандар же сууга бышырылган жумуртка.
  • Өз аймагыӊызда өстүрүлгөн жашылчалар жана жемиштер. Экзотика жемиштерине тыюу салынат. Кош бойлуу учурдагы аллергия өзүӊүздүн гана эмес, курсактагы наристенин да ден соолугуна зыян. Токой мөмөлөрүн да: кызылгатты жана брусниканы жегенге болбойт, аларда кычкылдыктар өтө көп, алар кош бойлуу мезгилинде тишке зыян-дуу.
  • Кургак жемиштер – компоттор менен, таза түрүндө же десерттер менен.
  • Акшактар – күрүч, гречка, перловка, сулуудан, жүгөрүдөн. Акшактан таӊкы каша түйүлдүктүн туура өөрчүшү үчүн мыкты каражат.
  • Акшактары жана кыртылдак кабыгы менен нан. Майда ундан жана май же сүт ко-шулган нан азыктарын абайлап жеӊиз. Алардан салмак өтө тез кошулат.
  • Сүт азыктары – сиздин наристеӊиз үчүн кальцийдин жана белоктун мыкты булагы. Кош бойлуу учурунда сүт ичүү сунушталат, ал зарнадан сактайт.
  • Жаӊы бышкан жана кургатылган жемиштерден жана мөмөлөрдөн компоттор.
  • Баштыкчадагы эмес, үйдө атайын даярдалган киселдер.
  • Көк чай, бирок күнүнө 3 чыныдан ашык эмес.
  • Кош бойлуу мезгилинде чөптүн топтомдорун жана кайнатмаларын байкап ичиӊиз. Алар био-логиялык өтө жигердүүлүккө ээ жана кош бойлуу ар бир аялга ар башкача таасир этет.

    Тоок эти жемиштер менен.

    Ингредиенттер:

  • Тооктун сулп эти
  • Оливка майы
  • 1 ст. сорпо
  • 3 помидор
  • 2 баклажан
  • 1 кабачок
  • 1 даана баш пияз
  • Татымына жараша туз
  • Даярдоо ыкмасы:

  • Сулп этти жууп, кесимдерге бөлүӊүз. Сотейникте оливка майында бир аз кууруп алып, чыгарган соӊ, ары коё туруӊуз.
  • Кубик формасында тууралган жашылчаларды ошол эле майга 5-7 мүнөттөн ашык эмес кууруп, үстүнө этти салып, сорпо куюӊуз да, туз салыӊыз. Даяр болгонго чейин болжол менен 30 мүнөт демдеӊиз. Көк чөптөр жана жаӊы жашылчалардан салат ме-нен бериӊиз.
  • Мешке бышкан алмалар.

    Тез даярдалуучу жана пайдалуу азык. Кичине көлөмдүү бир нече алманы жууп, ортосун ке-сип алыӊыз да, бышыруу үчүн идишке салыӊыз. Алманын үстүнө шекер упасын себиӊиз, бир нече кашык суу куюӊуз да мешке 15 мүнөткө коюп коюӊуз. Даяр болгон алмаларды өзүнчө жегенге болот, же болбосо вилка менен майдалап, быштакка аралаштырып жегенге болот. Таттуу кылыш үчүн тамчы бал кошсоӊуз жарайт.

    Сабизден суусундук.

    Ингредиенттер:

  • 1 сабиз
  • Жарым боо петрушка (жалбырактары)
  • 100 гр. Кефир
  • Даярдоо ыкмасы: Сабизди кубик формасында туурап, блендерде майдалаӊыз, петрушканын жалбыракта-рын жана айран кошуӊуз. Бардыгын аралаштырыӊыз. Татымына жараша туздаш керек.

    EmptyView