Все про стимуляцию родов Все про стимуляцию родов
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Төрөттү стимулдаштыруу

Келечектеги энелердин көбү төрөттүн алдындагы стимуляциядан коркушат, себеби ал төрөт сыяктуу табигый процесске терс таасирин тийгизет деп эсептешет. Азыр биз анын маӊызы эмнеде жана ал качан керектелерине токтололу.

Төрөт – табигый процесс, аялдын өмүрүндөгү эӊ жооптуу иште жеӊилдик берүү үчүн жардам берүүгө табият өзү да майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуп койгон. Алгач толгоо болот, анын негизинде жатындын моюнчалары акырындап ачылат. Андан кийин ыйынуулар жүрөт, ошондо гана баланын төрөлүүсү болот. Плацентанын сыртка чыгышы бактылуу төрөттүн жыйынтыгы болуп саналат. Бул идеалдуу төрөттүн сүрөттөлүшү. Жөнөкөйлөтүп айтканда, жайлуу төрөт үчүн эки шарт керек: өнүмдүү толгоонун болушу жана жатындын жетилген моюнчасы.

Бирок, толгоо анчалык катуу болбогон, кыска же анда санда болгон учурлар да болот. Ошондо кеп төрөт ишинин алсыздыгы жөнүндө болот. Жатындын моюнчасы ачылбайт же ал өтө жай жүрөт. Мындай учур эненин да, баланын да өмүрүнө коркунуч алып келет. Натыйжасында кислороддук ачкачылык, неврологиялык түрдүү бузулуштар, дем алуунун бузулушу келип чыгат. Эне төрөт учурунда жаракат алышы, кан токтобой агышы мүмкүн.

Бирок, төрөттү стимуляциялоо менен мунун барынан алыс болууга болот. Стимуляция жүргүзүү үчүн медикаментоздук жана медикаментоздук эмес каражаттар бар. Медикаментоздук эмес каражаттардын ичинен амниотомияны бөлүп карашат, түйүлдүктүн көбүгү ачылганда, эмчектин үрптөрүн жана эмчектин өзүн улам стимуляциялап туруу, ошондой эле төрөт учурунда аялдын жигердүү аракети – басышы жана дене бойлук көнүгүүлүр толгоону күчөтөт.

Андан тышкары, төрөт процессин күчөтүү үчүн кастор майынын натыйжалуулугун изилдөөлөр ырасташат. Ичпегендердин 4%ына салыштырмалуу, аны ичкен аялдардын 54%ында 24 сааттын ичинде толгоо башталган.

Медикаментоздук стимуляция үчүн простагландиндер жана окситоциндер сыяктуу препараттарды колдонушат. Простагландиндер ансыз жигердүү төрөт иши мүмкүн болбогон жигердүү заттарды туюндурат. Ал кан-тамыр ичине сайылат. Каршы көрсөтмөсү жана зыяндуу таасири бар. Көбүнчө ыйынуу алсыз болгондо колдонулат. Ал дагы кан-тамыр ичине счайылат. Бул препараттарды пайдалануу врачтар жана акушерлер тарабынан дыкат контролдонушу керек, себеби дозадан ашык колдонуу баланын абалына терс таасир этиши мүмкүн.

Стимуляция үчүн төмөнкү шарттар керек: жатындагы баланын канааттандырарлык абалы, түйүлүктүн башынын өлчөмү эненин жамбашынын көлөмүнө шайкеш келиш керек, түйүлдүк көбүгүнүн жоктугу.

Бардыгы жекече болгонуна карабай, төрөттүн ийгиликтүү өтүшү көпчүлүк учурда эненин өзүнөн көз каранды болот. Анын маанайына, кош бойлуу учурундагы сак саламат жана активдүү жашоо образын жүргүзгөнүнө, толук кандуу тамактанганына жана жан дүйнөсүнүн тынчына жараша болот. Төрөтүӊүз жеӊил болсун!

EmptyView