День заботы о себе День заботы о себе
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Өзүӊүзгө кам көрүүчү бир күн.

Бала менен чогуу жүрүп, өзүӊүзгө кантип кам көрө аласыз? Сиз формаӊызды кармап жүрүүгө жана балаӊызга сиз менен болгон кошумча кубанычтуу мүнөттөрдү белекке берүүгө жардам берүүчү көнүгүүлөрдүн чакан топтому менен Huggies бөлүшөт.

Тизе бүгүп отуруу

Көнүгүү белдин жана жамбаштардын булчуӊдарын чыӊдоого жардам берет. Түз туруӊуз да, буттарыӊызды бириктириӊиз, баланы көмкөрөсүнөн жаткырып, аны кучактаӊыз. Оӊ бутуӊузду алдыга коюӊуз, тизеӊизди бүгүп, тизенизге таяна отуруӊуз. Кадимки абалыӊызга кайтыӊыз да, кайра сол бутуӊузга отуруӊуз. Ар бир бут үчүн 10дон кайталоо менен баштаӊыз жана ар күн сайын жүктү көбөйтө бериӊиз.

Лифт

Кол, ийиндин жана далынын жогорку бөлүгүнүн булчуӊу үчүн көнүгүү. Баланы колуӊузга алыӊыз, отургучка же жерге отуруӊуз. Баланы өзүӊүзгө каратып көкүрөктүн деӊгээлинде кармаӊыз. Колуӊузду түздөп, баланы жогору көтөрүӊүз. Он кайталоо менен баштаӊыз.

Кайык

Пресс үчүн көнүгүү. Жерге отуруӊуз да, тизеӊизди бүгүӊүз. Баланы көмкөрөсүнөн бутуӊузга жаткарыӊыз жана анын кырынан колдоруӊуз менен кармап туруӊуз. Таманыӊыз менен полдон түртүлүӊүз да, баланы үстүӊүздөн жогору көтөрүп, далыӊызга тоголонуӊуз. Кайра мурдагы ордуӊузга кайтыӊыз. Мурдагы көнүгүүлөрдөй эле муну дагы 10 кайталоодон баштоо керек.

Бала менен алектенүү – натыйжалуу жана көӊүлдүү иш. Эне «табигый жүктү» алат, ал эми бала болсо – динамикалык жана кызыктуу оюн ойнойт. Эне менен бала бири-бирине андан да жакын болот, себеби бул көнүгүү кучактоолор жана өбүүлөр менен коштолот.

EmptyView