Баланы кантип сооротуу керек: ата-энелер үчүн кеңеш Баланы кантип сооротуу керек: ата-энелер үчүн кеңеш
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Баланы кантип сооротуу керек: ата-энелер үчүн кеңеш

Бала ыйлаганда ата-эне аны сооротуу үчүн баарын жасоого аракет кылат. Бул көйгөй бала алты ай болгончо өзгөчө тынчсыздандырат: борбордук нерв системасынын жетилүүсү менен ый азаят. Бул макала баласын сооротунун улам жаңы жолдорун ойлоп табуудан чарчаган ата-энелерге жардам беет. Ыйдые себеби эмнеде болушу мүмкүн, кантип баланын ыйын азайтууга болот жана дарыгерди чакыруу зарыл болгон ый болобу айтып беребиз.

Ыйлоонун себептери

Ымыркайдын ыйлаганын чечмелеп жатканда, ал үчүн көз жаш жана кыйкырык чоңдорго салыштырмалуу башка мааниге ээ экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Чоңдор капа болгондо ыйлашат. Ымыркай сүйлөй албагандыктан ыйлайт жана бул анын муктаждыктарын билдирүүнүн жана дүйнө менен байланыштын бирден-бир жолу. Кийинчерээк баланын ыйына таарыныч, кайгы, көңүл калуу сыяктуу маанилер акырындык менен кошулат. Ошентип, эмгектеги баланын эмнени билдирет? Дароо айта кетели – “баланын себепсиз ыйлаганы” болбойт.
  1. Негизги муктаждыктар: уйку жана тамактануу. Ачка болуп ыйлагандан мурун бала көбүнчө тамшанат. Ал эми ыйлаганга чейин оозун ачып эстесе, көзүн ушаласа – демек, чарчады жана уктагысы келет. Жашоонун алгачкы айларында баланын өз алдынча уктап калышы абдан кыйын, бул жөндөм кийинчерээк пайда болот.
  2. Тышкы ыңгайсыздык. Бул нымдуу же көбүп кеткен жалаякшымга да, өтө тар катуу кийимге, ыңгайсыз позага да тиешелүү болушу мүмкүн. Ымыркай өтө тыгыз орогонго да, бош орогонго да канааттанбашы мүмкүн. Балага өтө ысык же муздак болушу мүмкүн. Бирок негизинен ысышы мүмкүн – ата-эне көбүнчө ымыркайды жылуу ороп алууну артык көрүшөт. Ымыркайдын ысып кетишинин белгилери ачык көрүнүп турат: беттин жана дене мүчөлөрүнүн кызарышы, кээде бөртмөлөрдүн чыгышы. Эгер балаңыз үшүп калды деп шектенсеңиз, кежигедеги териге тийүү керек. Ал жылуубу? Демек, баары жайында.
  3. Күтүүсүз/коркунучтуу нерсеге жолугушуу. Ымыркай бул дүйнөгө жаңы келгендиктен, бизге тааныш болгон ар кандай көрүнүш анын коркуусуна жана апасын жардамга чакырып ыйлашына себеп болушу мүмкүн. Мындай триггер бейтааныш адам, өтө катуу музыка, өтө жаркыраган жарык, кыйчылдаган эшик, жада калса жаңы оюнчук болушу мүмкүн.
  4. Денедеги оорутуу сезимдер. Мисалы, 3 айга чейинки балдардын ыйынын эң кеңири тараган себептеринин бири колик  же ичтин башка оорулары (зарына, ич катуу, ичеги инфекциясы, сейрек – аппендицит, панкреатит) болуп саналат. Колик ичегиде газдардын топтолушуна байланыштуу пайда болот. Бул негизинен бала тамактануу учурунда ашыкча абаны жутуп алгандыктан болот. Белгилери ачык байкалат: баланын курсагы чыңалат, буттарын курсагына кысат, муштумун түйөт. Ымыркайдын жашоосундагы дагы бир маанилүү окуя – тиштин жарылышы, ал көбүнчө оорутат. Бул учурда бала сиздин колдооңузга өзгөчө муктаж. Бүйлө сезгенип, дене табы көтөрүлүшү мүмкүн. Албетте, ыйлоо менен ал сасык тумоо, отит, кычыштырган жалаяк дерматити жана оозул (балада ал оозунда болот – ооздун былжыр челинде өңөр пайда болот) жана башка оорулар жөнүндө кабарлай алат. Ошондой эле бала тамактандыруу учурунда эгерде бул процесс оорутса – мисалы, ага мурун бүтүү же ооздогу оозул тоскоол болсо, ыйлашы мүмкүн.
  5. Сиздин көңүлүңүздү бурдуруу. Балким балаңыз сиз менен тактилдик байланышты каалайт, анткени ал үчүн бул корголгондуктун синоними болот. Же ал уктап жатканда сиздин жанында болушуңузду каалайт.

Ыйлап жаткан баланы кантип сооротуу керек

Ошентип, балаңыз ыйлап жатат, аны кантип сооротуу керек? Ыйлап жаткан эмчектеги баланы сооротуунун көптөгөн жолдору бар. Биринчиден, ыйлаганга эмне себеп болгонун түшүнүүгө аракет кылуу керек. Ымыркай качан тамактанганын жана уктаганын, жалаякшымдын кургактыгын, кийиминин ыңгайлуулугун текшерип, бөлмөдөгү температураны баалаңыз жана жарааттардын/тишинин жарылганын текшериңиз. Мурунку бөлүмдө саналып өткөн пункттарды ырааттуу карап чыгуу жана талап кылынса, төмөндөгүлөрдү жасоо керек:
  • жалаякшымды алмаштыруу;
  • ымыркай ысып кетсе чечиндирүү, суук болсо, кийиндирүү;
  • бөлмөдөгү жарыкты өчүрүү;
  • балада талмоорсуу белгилери байкалса, дарыгерге кайрылуу;
  • тынчыраак жерге баруу ж.б.
Балким ушул этапта ый токтойт. Эгерде токтобосо, башка варианттар бар:
  • баланы эмизүү (эгерде ал эмчек эмсе) же учпу берүү (эгерде жасалма тамактандырууда болсо). Балаңыз ачка эместей сезилсе да, аны текшерүү маанилүү. Ымыркай тындай чоңоюп жаткандыктан, күтүлбөгөн жерден ага көбүрөөк азыктык заттар керек болушу мүмкүн. Эмчек эмизүү өзүнүн соруу рефлексин канааттандыруу боюнча түз функциясынан (тоюнуу) тышкары, баланы сооротууга да жардам берет;
  • эненин курсагындагы сезимдерге окшош сезимдердин эсебинен тынчтандыруу. Бул үчүн баланы бекем ороп, коляскага салып, акырын терметүү керек. Же баланын башын алаканыңызга коюп, капталынан жаткырыңыз. Автоунаада жол жүрүү коляскадагы эле термелүүнү камсыз кылат. Ошондой эле ак ызы-чуу жараткан жакшы. Ал ызы-чуу бар видеолорду интернеттен тапса болот. Фендин же аккан суунун үнү ылайыктуу болушу мүмкүн;
  • упчу берүү;
  • баланын тиши жарылып, бүйлөсү кычышса, муздатылган тиштегичти берүү же тиштерин укалоо;
  • жагдайды өзгөртүү: паркта сейилдөө ж.б.;
  • бешик ырын же ар кандай тынчтандыруучу ыргактагы жана обондогу ырды ырдоо;
  • баланы колго алуу, сиздин жүрөгүңүздүн согушун, жытыңызды жана жылуулугуңузду сезиши үчүн аны көкүрөккө кысуу. Мында баланын башын кармаңыз - анын моюн булчуңдары азырынча алсыз;
  • баланын бетине акырын үйлөңүз – бул көз жашын кургатып, сиздин демиңизге көңүлүн бурат;
  • баланы жылуу сууга жуунтуу;
  • баланы жалаяктан бошотуу, балким ал жалакта кысылып жатат;
  • аны менен тынч сүйлөшүү. Эмне тууралуу сүйлөп жатканыңыз таптакыр маанилүү эмес;
  • баланы башка абалга которууп жаткыруу – чалкасынан, курсагынан же капталынан;
  • баланы слингге көтөрүп жүрүү. Бул өзүнө жалаяктоону, терметүүнү жана эне менен байланышты айкалыштырат;
  • көңүл бурдуруу: жаркыраган, кызыктуу үн чыгарган нерсени көрсөтүү (шырылдоо же шыңгыроо), мышыкты сылоону сунуш кылуу, музыканы күйгүзүү, импровизацияланган куурчак театрын уюштуруу, кытыгылоо;
  • баланын уктап калышына жардам берүү: алгач аны 5 мүнөт термелтүү, андан кийин дагы 5-8 мүнөт колуңузга алуу, андан кийин гана керебетке жаткыруу. Уктап калгандан кийин алгачкы 5-8 мүнөттө баланын уйкусу дагы эле өтө сезгич, ошондуктан терметкенден кийин дароо керебетке жаткырсаңыз, ал ойгонуп кетиши мүмкүн;
  • америкалык педиатр Роберт Гамильтондун ыкмасын колдонуу - анын маңызын интернеттен изилдөөгө болот. Бул 3 айга чейинки балдарга ылайыктуу жана абдан натыйжалуу – бала беш секунданын ичинде ыйлганын токтотот. Мунун маңызы баланы белгилүү бир түрдө колго кармап, терметүүдө турат.
Албетте, кээде бала көпкө жана катуу ыйлаган учурда кыжырданбай коюу кыйын болушу мүмкүн. Бул жерде “Ыйдын өзүнүн себеби бар, бала сөздүн ордуна ыйлайт, анткени алар ага азырынча сүйлөй албайт” деген ой жардам берет. Эгер күчүңүз жана чыдамыңыз түгөнүп калса, мүмкүнчүлүк болгондо башка бирөөдөн жардам сураңыз. Эне өзүнө кам көрүүнү унутпашы керек, анткени бул баланын абалына да таасирин тийгизет. Эмне кылбаш керек?
  • силкилдетпеңиз! Моюндун булчуңдары башты толук кармай албагандыктан, силкилдеткенде баш мээ жаракат алышы мүмкүн. Бул коркунучтуу жана карышууларга же өнүгүүнүн кечигишине алып келет, ал эми өзгөчө учурларда – өлүмгө алып келет;
  • баланы ыйлаган абалда көпкө калтырууга болбойт. Бул психологиялык жаракатка алып келет;
  • албетте ымыркайларды ыйлаганы үчүн эч ким жазалабайт. Бирок улуураак балдар жазаланышы мүмкүн. Эгерде сиз менен ишенимдүү мамилени бузууну каалабасаңыз, мындай кылбаңыз.

Ыйдын “алдын алуу”

Ыйдын бардык мүмкүн болгон себептерин алдын ала жоюу мүмкүн эмес. Бирок ыйга чейин айрым чараларды көрүү менен аларды азайтууга аракет кылууга болот:
  • колик азыраак болушу үчүн баланы тамактандыргандан кийин вертикалдуу абалда кармоо керек. Бул тамактандыруу учурунда кокусунан жутуп алган ашыкча абаны кекирүү үчүн зарыл. Эгерде бала жасалма тамактандырууда болсо, анда бул максаттар үчүн тамакты аздан берген упчу сатып алуу керек. Абалды жеңилдетүү үчүн баланы курсагынан жаткыруу керек. Саат жебеси боюнча курсакты жеңил укалоо да жардам берет. Негизинен колик 3 айында өзүнөн өзү өтүп кетет;
  • эгерде бала эмчек эмсе, анда эне бул убакта өтө көп газды пайда кылуучу азыктарды (буурчак, алмурут ж.б.) азайтышы керек;
  • алгач балага бекиткичи жана топчулары аз, катуу тигиштери жок кийимдерди сатып алуу керек;
  • эгерде жогоруда айтылгандардын бири да жардам бербесе, анда сиз педиатр менен сүйлөшүү керек. Балким, балаңызда эмчек сүтүнүн курамына аллергия же башка медициналык көйгөйлөргө болушу мүмкүн.

Бала көпкө ыйлайт: качан дарыгерге кайрылуу керек?

Эрте жашында ыйлоо – баланын абалынын маанилүү индикатору болуп саналат. Көпчүлүк учурларда баланы сооротуу үчүн жогоруда саналган чараларды көрүү жетиштүү. Бирок ымыркайды өз алдынча сооротууга аракет кылбай, адиске кайрылуу жакшы болгон жагдайлар да бар. Алсак, ыйдан тышкары, төмөнкү белгилер болсо, төмөңдөгүлөрдү жасаш керек:
  • бала 2 сааттан ашык тынымсыз ыйлайт;
  • баланын дене табы көтөрүлөт;
  • баланын табити жок;
  • бала кусат;
  • заңдын бузулушу: же такыр заң жок, же анын курамында кан бар, же өтө суюк/тез-тез заңдайт;
  • бала салмак кошпойт;
  • ый кадимки ыйлоодон айырмаланат, баланы сооротуу мүмкүн эмес, ал көгөргөнчө ыйлайт;
  • дем алуу көйгөйлөрү башталды.

Тыянактар

Эгер бала катуу туталанса, ага жардам берүүнүн көптөгөн жолдору бар. Бул абалдын ар дайым себептери бар, биринчи кезекте аларды түшүнүү маанилүү. Бул кадимки муктаждыктар жана организмдеги оорутуу сезимдери болушу мүмкүн. Мисалы, балаңыз тынбай ыйлай берет. Ымыркайды кантип сооротуу керек? Окумуштуулар, дарыгерлер жана психологдор терметүү ыкмасынан баштап ак ызы-чууга чейин бир катар лайфхактарды ойлоп чыгышты. Ошол эле учурда, “кооптуу белгилерди” көз жаздымда калтырбай, ый узакка созулса же башка коркунучтуу белгилер менен коштолсо, өз убагында адиске кайрылуу маанилүү.

EmptyView