Неделя 10: Малыш реагирует на прикосновения к животу Неделя 10: Малыш реагирует на прикосновения к животу
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Наристе курсакка тийгенине реакция жасайт

Сизди куттуктап койсо болот: сиз кош бойлуулуктун биринчи юбилейине жеттиӊиз. Эмбрионго болгону 10 гана жума болсо дагы, сиз үчүн ал эӊ сүйүктүү наристе болгонуна карабай, жети күндөн кийин аны илим боюнча түйүлдүк деп гана атоого болот.

10–11 -жума — наристе бир нерсеге тийгенин, жылуулукту жана муздакты сезип калган учуру. Бирок, эӊ башкысы — бала бул импульстарга реакция берип калганы. Эгер бул сезимдер ага жагымсыз болсо, ал мимикасын өзгөртө алат.

Онунчу жумада эмбирондун канынын группасы жана резус-фактору толук калыптанып бүтөт, керек болсо атайын анализдерди жүргүзүүнүн жардамы менен аны аныктап алууга болот. Бирок врачтар бул жол-жобону жөн эле жасай берүүнү туура көрбөйт: бойдон түшүп калуу же түйүлдүктүн өөрчүшүндө олуттуу кемчиликтер пайда болуу коркунучу бар.

Келечектеги наристенин башы али чоӊ боюнча, бирок тегерек формасына келген. Көздөрү толугу менен сурма менен жабылган. Баш мээси жигердүү өнүгүп жаткан учуру.

Келечектеги наристе жигердүү кыймылдарды жасай баштайт, башын ары-бери бурат, ийет жана колдорун, буттарын бүгөт, бармагын соро баштайт жана түйүлдүк жанындагы сууну карай алат. Түйүлдүктүн бөйрөгү заараны чыгара баштайт, ал пайда болуп жаткан табарсыкта акырындык менен топтоло берет, анан сыртка чыгарылат.

EmptyView