Что нового у малыша? Рост до 2,5 см! Что нового у малыша? Рост до 2,5 см!
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Балада эмне жаӊылык? Бою 2,5 см ге чейин!

Кош бойлуулуктун 7-жумасында балада олуттуу өзгөрүүлөр болот – анын жыныс тутуму ка-лыптана баштайт. Бирок, сизде кыз же эркек болорлугун билүүгө азырынча эрте.

Түйүлдүк кош бойлуулуктун 7-жумасында жигердүү өсөт, анын органдары жана ткандары өөрчүйт. Балада лимфа тутуму калыптанат, мээсинде көптөгөн өзгөрүүлөр болот: гипофиз жа-на каракуш мээси пайда болот. Бул мөөнөттө баланын боору жана бөйрөктөрү чыга баштайт, анын колдору жана буттары узарат, жана ал жакында аларды кыймылдата баштайт. Келечектеги баланын бет түзүлүшү калыптанат.

Кош бойлуулуктун 7-жумасында түйүлдүктүн УҮИси бою болжол менен 22-30 мм, салмагы 4 грамм болгон баланы көрсөтөт. Мында анын башы денесинен бир топ чоӊ көрүнөт.

7-жумалык мөөнөтүндө УҮИ милдеттүү өтө турган процедура болуп саналбайт.Эки жумадан кийин гана гинекологдор биринчи скринингдин алкагында изилдөөгө барууну сунушташат. Жатындын сыртына бүтүп калгандыгына шек жаралган учурда, энеге азырынча УҮИни дайындай алышат. Андай болгондо ич ооруйт, себеби эмбрион жатында эмес, мисалы, жа-тындын түтүгүндө тар мейкиндикте өсүп жаткан болот.

EmptyView