Кош бойлуулук жана төрөт

Ички органдар жана жатын жаӊы өмүрдүн пайда болушуна кантип даярданат?

Кош бойлуу учурунда аялдын организминде олуттуу физиологиялык өзгөрүүлөр жүрөт, алар түйүлдүктүн туура өсүүсүн камсыз кылып, организмди боло турган төрөткө жана эмизүүгө даярдайт.

Кош бойлуу учурунда организмде кан айлануунун кошумча плацентардык айланпасы пай-да болгондуктан, жүрөк-кан-тамыр тутуму андан да чымыркануу менен иштеп калат. Мында ар бир мүнөт сайын плацента аркылуу 500 мл кан өтүп тургандыктан, кан айлануу ушунчалык жо-гору болот. Кош бойлуу учурунда дени сак аялдын жүрөгү кошумча жүккө жеӊил эле ыкташып алат: жүрөк булчуӊдарынын салмагы жана кандын жүрөктөн өтүшү өсөт. Кош бойлуу учурунда сүт бездери алдыдагы эмизүүгө даярданышат. Аларда бөлүктөрдүн саны, май ткандары чоӊоюп, кан айлануу жакшырат. Сүт бездеринин көлөмү чоӊоюп, үрптөрү көөп чыгат.

Кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында көптөгөн аялдарда тамак сиӊирүү органдарында өзгөрүүлөр байкалат: жүрөгү айланып, кээде эртеӊ мененкисин кускусу келет (эрте токси-коздун белгилери), даамды сезүүсү өзгөрөт, өзгөчө нерселерди (топону, борду) эӊсөө пайда болот. Эреже катары, бул көрүнүштөр кош бойлуулуктун 3-4-айында өтүп кетет, айрым учур-ларда кечирээк өтөт. Кош бойлуу учурунда жыныс органында, өзгөчө жатында көбүрөөк өзгөрүү пайда болот. Кош бойлуу жатындын өлчөмү улам чоӊоюп турат, кош бойлуулуктун акыркы күндөрүндө анын бийиктиги жөнөкөй учурдагы 7-8 см нин ордуна 35 см ге жетет, сал-магы (түйүлдүк жок кезде) 50-100 г дан, 1000-1200 г га чейин өсөт. Жатындын айланта өлчөмү кош бойлуулуктун акыркы күндөрү болжол менен 500 эсеге чоӊоёт. Жатындын өлчөмүнүн өзгөрүшү плацентанын гормондорунун таасири алдында булчуӊ түктөрүнүн өлчөмүнүн өсүүсүнүн негизинде жүрөт. Кан тамырлар кеӊейет, алардын саны өсөт да, жатынды каптаган-сып калат. Жатындын туруктуу эмес жыйрылышы байкалат, алар кош бойлуулуктун акырында андан да жигердүү болуп калышат жана «жыйрылып» калгандай сезилет. Кош бойлуулуктун 30-жумасынан баштап ченемде деп эсептелген бул Брекстон-Хикстин толгоосу төрөттөгү чыныгы толгоонун алдындагы машыгуу катары каралат.

Түйүлдүктүн өсүшү жана кош бойлуу аялдын организминдеги физиологиялык өзгөрүүлөр анын денесинин салмагына да таасир этет. Дени сак аялда кош бойлуулуктун аягында денесинин салмагы 8 ден 18 кг га чейин ары бери болуп, орточо алганда 12 кг га өсөт. Не-гизинен, кош бойлуулуктун биринчи жарымында ал 4 кг га чоӊоёт, экинчи жарымында 2 эсе көбүрөөк чоӊоёт. 20 жумага жеткенге чейин дененин салмагына ар күнү кошулушу болжол менен 300+30г га барабар, 21 жумадан 30 жумага чейин – 330+40 г жана 30 жумадан кийин төрөгөнгө чейин – 340+30 г. Кош бойлуу болгонго чейин денесинин салмагы аз болгон аялдарда ар жумада андан да көп салмак кошулушу мүмкүн.