Неделя 11: Звуки крошечного сердцебиения Неделя 11: Звуки крошечного сердцебиения
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Кымындай жүрөктүн кагышы.

Бул этапта кош бойлуулуктун үчтөн бир бөлүгү өттү деп эсептөөгө болот. Дал ушул мөөнөттө эмбрионду түйүлдүк деп атай башташат жана ал өөрчүүнүн жаӊы этабына кирет да, жигердүү өсө баштайт.

Наристеӊиздин денесинин узундугу 5 см ден бир аз ашык болот. Бул төрөлүп жаткан баланын кичирейтилген, толук көчүрмөсү болуп саналат. Тактап айтканда, азыр ал башка планеталыкка же экзотикалык жандыкка окшобой калат. Демек, сиздин ичиӊизде кичинекей адам өсүп жатат.

Өлчөмү боюнча наристеӊиз чоӊ лаймга окшош болот. Ошондуктан курсактын ичиндеги абал даана сезиле баштайт, өзгөчө чоӊ тоюп алгандан кийин же табарсыгыӊыз толуп калганда сезилет.

Эгер сиз кош бойлуу убагыӊызда бир да жолу врачка бара элек болсоӊуз, тезинен азыр барыӊыз. Келечектеги атасы менен бара турган убакытты тандап алыӊыз да, барып келгенден кийин, ал кандай өткөндүгү жөнүндө жолдошуӊуз менен талкуулоого убакыт бөлүӊүз. Наристеӊиздердин доплерографиялык УҮИ де так угулган жүрөгүнүн кагышы сиздерге укмуш сезим тартууласа керек.

Жакынкы 3 жумада наристе эки эсе өсөт. Чарчап чаалыгуу – бул учурдагы кадимки көрүнүш, себеби сиз уктап жатканыӊызда да, баланын ыкчам өсүшүн камсыз кылып, денеӊиз иштеп турат.

EmptyView