Ваш малыш больше не эмбрион, он плод. Что нового происходит в развитии. Ваш малыш больше не эмбрион, он плод. Что нового происходит в развитии.
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Сиздин наристе мындан ары эмбрион эмес, ал түйүлдүк. Өөрчүшүндө эмне жаӊылар болот.

Тогузунчу жуманын ичинде түйүлдүктүн салмагы 1 граммдан 10 граммга чейин өзгөрөт, узун-дугу 30-45 грамм болот. Түйүлдүктүн далысы түзөлүп, түйүлдүк куйругу жоголот. Келечекте-ги наристе кичинекей адамга толугу менен окшош болуп калат. Бул этапта башы көкүрөгүнө коюлган, мойну ийилген, колдору көкүрөгүнө келген. Баш мээсинин интенсивдүү өсүүсү бул учурдагы негизги процесстердин бири болуп саналат. Каракуш мээси иштеп, баш мээси-нин жарым шарлары так билине баштайт.

Каракуш мээси кыймылдардын координациясына жооп бергендиктен, түйүлдүктө алар өзүнөн өзү күтүүсүз болбой, так жана жигердүү болуп калат, түйүлдүк өз денесинин жылганын сезе баштайт.

Бул этапта жүрөктүн кагышынын жыштыгы мүнөтүнө 120-150 соккуну түзөт, жүрөктө эки карынчык жана эки жүрөк алды калыптанат. Тамырлардын кан жүгүртүү тутуму пайда болот, алар боюнча кан айлана баштайт. Түйүлдүктүн жогорку бөлүгүндөгү кан айлануу төмөнкү бөлүгүндөгү кан айланууга салыштырмалуу интенсивдүүлүгү менен мүнөздөлөт. Ошондуктан бутуна караганда колу көбүрөөк өөрчүгөн. Колдорунун манжалары узара баштайт, ал эми ала-рдын ортосундагы тарсылдактар акырыдык менен жоголот. Тогузунчу жуманын аягында көздөрү калыптанып бүтөт, алар кабагы менен тыгыз жабылган. Бет сөөктөрүнүн биригиши жүрөт, башында мурдун жана кеӊилдерин, кулактарын жана үстүӊкү эрдин ажыратып көрүүгө болот. Бул этапта түйүлдүктүн бети адамга көбүрөөк окшош болуп калат.

EmptyView