Малыш размером с чернослив и первыми волосиками Малыш размером с чернослив и первыми волосиками
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Кара өрүктөй өлчөмү жана биринчи чачтары менен бала.

Бул жума маанилүү жана эсте каларлык болот, себеби дал ушул жумадан баштап өөрчүү эта-бы башталап, эми келечектеги наристе расмий түрдө эмбрион эмес, түйүлдүк деп аталат. Ички органдарынын бардыгы калыптанып бүткөн, алар андан ары өсүп, өөрчүй берет. Адистер онун-чу жуманы биринчи кооптуу мөөнөттөгү аяктоочу жума деп адилет эсептешет: ушул мезгил-ден баштап түрдүү табияттын химиялык факторлорунан улам пайда болушу мүмкүн болгон кемчиликтердин өнүгүү болжолу дээрлик жокко чыгарылат.

Түйүлдүк бул учурда жатындын бетине дээрлик жабышпастан, анын ичинде эркин жайгашат. Келечектеги наристеде нерв тутумунун интенсивдүү калыптанышы жүрөт, нерв-булчуӊ жолдору менен импульстарды жиберүү жөнгө салынат. Бул процесс интенсивдик кыймыл-дардын пайда болушуна алып келет. Мындай кыймылдар рефлектордук болуп саналат, алар жигердүү жана жатындын бетине тийишкендиктен келип чыгат. Түйүлдүк бутун, башын жа-на колдорун так кыймылдата баштайт. Аял азырынча түйүлдүктүн кыймылын сезгенге жөндөмдүү эмес, бирок ультра үндүү изилдөөдө алар даана көрүнүп турат. Бул учурда диафрагма - ич көӊдөйүн жана көкүрөк көӊдөйүн бөлүштүрүү үчүн багытталган жалпак булчуӊ толук калыптанып бүтөт. Ички органдар андан ары өөрчүй берет.

EmptyView