У малыша начинает биться сердечко! У малыша начинает биться сердечко!
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Баланын жүрөгү согуп баштайт!

Кош бойлуулуктун 5 жума мөөнөтүндөгү эмбриондо айрым ички органдары жана колу бут-тары чыгып, негизги тутумунун (дем алуу, тамак сиӊирүү, заара чыгаруу) калыптанышы ба-шталат.

Баланын жүрөгү биринчи согууларын баштайт. Нервдик жана жүрөк-кантамыр тутумдары жи-гердүү өсө баштайт. Канынын группасы аныкталат. Башында көзү, кулактары, ооз көӊдөйү би-линер-билинбес пайда болот.

Кош бойлуулуктун 5-6-жумасында келечектеги жыныс клеткалары пайда боло баштайт. Эркектерде булар сперматозоиддер болсо, кыздарда жумуртка клеткалары. Калкан без-дери пайда болот. Кош бойлуулуктун 5-жумасында нерв түтүгү дифференцияланат. Омурт-канын жана жүлүндүн ткандары акырындык менен бөлүнө баштайт.

EmptyView