В общественные места с ребенком: полезные советы В общественные места с ребенком: полезные советы
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Коомдук жерлерге бала менен: пайдалуу кеӊештер

«Улуулардын жери» - бул курчаган дүйнөнүн бөлүгү жана баланын өсүүсү үчүн маанилүү бөлүк. Коомдук жайларды ар бир бала ар башкача кабыл алат жана аларга даярдык ар бир баланыкы өз алдынча болот. Өз кызыкчылыкты гана эске албай, абал кыйналбас үчүн анын өсүү мөөнөттөрүн да эске алуу маанилүү. Бир жарым жаштан эки жарым жашка чейинки куракта бала эки мүнөттөн ашык эмес убакытка көӊүлүн бир жерге топтогонго жөндөмдү. Балага мурдагыдай эле ишкердикти дайыма алмаштырып туруу керек жана ал энесинин көӊүл буруусун сезбей калса капа болот. Бул куракта бала өзү бара ала турган жерлерге алып барууга болот: мисалы кафеге, музейге ж.б.

Бала коомдук турмушка катышууну канчалык эрте баштаса, кийин аларга ошончолук жөнөкөй жана тынч болот. Иш чаралар түрдүү болушат жана жагымсыз жагдайлардан алыс болуу үчүн ал жакта балдар үчүн мейкиндик каралганбы, балага ал жерде болгон кыйын эмеспи сыяктуу маселелерди алдын ала уюштуруучулардан тактап алган жакшы. Энеде күтүүсүз конфуздар учурунда наристе үчүн биринчи керек болгон предметтер дайыма жанында болушу керек. Бала өзүн ишенимдүү сезиш үчүн – анын жакшы көргөн оюнчугун жанына алып алса болот.

Башкаларга карата адамгерчиликтүү болгонго аракеттенүү керек: Эмпатияны көрсөтүү, түшүнүү жана позитивдик маанай. Балаӊыз менен бир жакка барганы жатып, ага коомдогу жүрүм турум эрежелери жөнүндө айтып бериӊиз – ал адамдын тышкы түрүнөн, кайрылуусунан жана таанышуусунан башталып, үндүн катуулугуна, стол үстүндө отурууга жана сүйлөшүүгө чейин эрежелерди камтып турат.

EmptyView