Упрямство – как бороться? Упрямство – как бороться?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Кежирлик – аны менен кантип күрөшүү керек?

Ооба, мындай мүнөз өзгөчө жаш ата-энелерге катуу тиет – алардын ата-энесине эми эле быдылдаган тили менен бир нерселери түшүндүрүп, сүйлөшүп жаткан үч жашар баласы, заматта эле кирпи болуп чыга келсе, мурдагыдай көтөртпөй калса. Ал үчүн азыр эӊ маанилүү нерсе – тетири жасоо болгондой сезилет. Бирок, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, демек балаӊыз туура өсүп жатат. Баланын мээси дал ушул үч жашында тез чоӊоё баштайт – мээсинин аналитикалык ой-жүгүртүүгө жооп берген сол жарым шары жигердүү иштеп баштайт, ошентип бала бул куракта өзүн таанып, кебин контролдой баштайт, анын «Мени» калыптанат. Баланын өзүнө анын колунан бардыгы келгендей сезиле баштайт.

Буга чыдаӊыз, чындыгына келгенде «мындай кежир курактагы» балдар өзгөчө көӊүл бурууга жана колдоого муктаж болот. Мындай учурда балага мүмкүн болушунча көбүрөөк эркиндик бергенге аракет кылыӊыз. Ал ушунчалык эле өзүн «чоӊ» сезсе, тим коюӊуз, каалагандай болсун, эки бутуна эки башка түстөгү байпак, же эки колуна эки башка мээлей кийсе дагы оюна коюӊуз. Оюнчугун жыйнап жатканда ага тоскоол болбоӊуз, мейли китепти топтун үстүнө коё берсин – ал ансыз деле кулап калат топ үстүнөн.

Ага көӊүл бурбай, тескерисинче, ошол сапатынын негизинде жаткан өз алдынчалуулукка умтулуусун пайдалуу жакка колдонуу керек.

Кежирлик менен күрөшүүдө:

  • балаӊызды мээсине бир нерсе куйганга, аны урушканга аракеттенбеӊиз – бул анын ого бетер жинине тиет;
  • бир нерсеге «жок» десеӊиз, ошого туруӊуз, балага бул жаатта бекем болуӊуз;
  • катуу, орой, чукул сүйлөгөндү, «анын беделин күч менен түшүргөндү» коюӊуз, аны менен теӊдей сүйлөшүӊүз жана келишимге келгенге үйрөтүӊүз;
  • башкалардын жардамын албаӊыз: балага ушул эле керек – долулук жана кежирлик көрүүчүлөрдү талап кылат.
  • EmptyView