Публикации с ребенком в Вашем Инстаграмме: за и против Публикации с ребенком в Вашем Инстаграмме: за и против
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Сиздин инстаграммдагы бала менен басылмаӊыз: макул жана каршы

Жашоодо биз, биздин ата-энелер же тааныштарыбыз үйдө майрам болгон же коноктор келген учурлар менен көп эле жолу кездешебиз. Сыйлоо, таттуулар, кубанычтуу мүнөттөр. Анан Х учуру келет, ата-энелер балдарынын тээ тетиги кенедей кезиндегиден кенедей баланын психикасына туура келбеген ыӊгайлуу эмес сүрөттөрүнөн баштап көрсөтүүгө өтүшөт. Бул жерде заар ушатып отурат, бул жерде шымы жок жүрөт.

Мезгил өзгөрүп жатат, аны менен бирге технология да өзгөрүүдө. Азыр бизге пленкадан же санариптик фотоаппараттар кереги жок, анын ордун мыкты камералары менен смартфондор басты, ал эми альбомдордун ордуна сүрөттөрдү Instagramда өз аккаунтуӊда жүктөп коюуга болот. Ата энелер жума сайын Storiesке жүздөгөн посторду жазышат, айрымдары өз балдары үчүн аккаунт да ачып алышат. Бул албетте маанилүү. Ата энелер Instagramды балдары үчүн ачышат, ал жакта баланын окуяларын жана чоӊоюп келе жаткан ар бир этабын жазышат. Бирок мында бир айырма бар, бул сүрөттөрдү сиздин үйүӊүздөгү меймандар гана эмес, бүткүл дүйнө көрөт. Эгер бул сизге көйгөй болуп эсептелбесе, АКШда Улуттук илимий фондунун спонсорлугу астында үй-бүлө жана технология сыяктуу түшүнүктөрдү байланыштырып турган изилдөө жүргүзүлдү. Изилдөөгө 247 үй-бүлө 10 жаштан 17 жашка чейинки балдары менен катышкан, алардын ичинен балдарынын ата-энелерине койгон белгилүү кинесинин бири - бул балдарынын уруксатысыз алардын сүрөттөрүн жана маалыматтарды жарыялашы болгон. Жагдайды түшүнгөндөн киийн да бул көйгөй анча фундаменталдуу эмес деп чечүүгө болот (дал гүлдөп жаткан мезигилинде төрөлгөндөрдөй эле, биз үчүн көндүм болбогон маалыматтык технологиялар кылымында такыр туура эмес) Бирок, дал ушундай деталдардан сиздин балаӊызга болгон мамиле калыптанат. Акырында бала сиз аны жеке инсан катары сыйлабайсыз жана ал буга татыктуу эмес болчу деген жыйынтыкка келет. Мындай маселени кантип чечүүгө болот? Бала менен болгон жагымдуу учурларды сактап калуу үчүн уруксат сурап, мүмкүнчүлүккө жараша Instagramды чогуу алып барыпбы, ошондо жакшы болуп, экөөӊүздөр чогуу муундарды жакындаткан хоббиге ээ болсуздар.

EmptyView