Роль папы в воспитании малыша Роль папы в воспитании малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланы тарбиялоодо атанын ролу.

Атасы жана апасы — ар бир баланын жашоосундагы эӊ жакын жана эӊ маанилүү эки адамы. Эненин ролу бардыгына түшүнүктүү болгону менен, атанын ролу таанылгыс, түшүнүксүз, жана тилекке каршы, кичинекей баланын өмүрүндө жазалоо менен гана чектелет. Ошентсе да биздин балдар алардын турмушуна, достугуна, коргоосуна жана чара көрүүсүнө атасы катышышын абдан каалашат. Баланын өсүшүнө баланын жана эненин байланышы өтө маанилүү деген калыптанып калган стереотип жашап калган. Бирок, баланын атасы менен баарлашуусу да анын толук кандуу инсан болуп калыптанышына өтө маанилүү экен.

Ата баласына анын энесиндей эмес, башкача мамиле жасайт. Мисалы, баланы энеси бирдей көтөрсө, атасы балага ар кандай сезим берип, ар башкача көтөрөт. Апасы көбүрөөк кам көрүп, тамактандырып, кийинтип, тынчтандырып турса, атасы баланын өөрчүү мүмкүндүгүн кеӊейтип, аны менен көбүрөөк ойнойт. Дал ушул оюндар аркылуу баланын кыймыл жөндөмү калыптанып, ой-жүгүртүүсү, кеби өсөт.

Эгер энеси бала менен «Ку-ку», «Ладушки», «Сорока-ворона» сыяктуу тынч оюндарды ойносо, жана көпчүлүк учурларда оюнчуктарды колдонсо, атасы менен шаӊдуу, энергиялуу оюндарды ойношот: баланы жогору ыргытып, тосуп алат, тизесинде терметет, артына көтөрөт ж.б. Мындай оюндар балдарга аябай жагат, чыӊалуусун жоготот, кубандырат, тез реакциясын өстүрөт, татаал жагдайларда чечим чыгара билгенге көнүктүрөт.

Бала көнүмүш нерсеге: чоочун кишиге, итке же жаӊы оюнчукка жолукса, энеси ага жардам бергенге жана аны коргогонго даяр экендигин көрсөтүп, инстинк түрүндө анын жанында болгонго аракеттенет, ал эми атасы бала аны менен өз алдынча таанышып, чоочун нерсени өздөштүрүп алуусу үчүн, кийлигишпейт, бул болсо баланын өз алдынчалуулугун жана демилгелей билүүнүн мүмкүнчүлүгүн берет.

Ата – анын өзү эле чоӊ баладай, бул анын уникалдуу өзгөчөлүгү. Ата курчап турган дүйнөнү ойной турган чоӊ талаа катары кабыл алат, ата баланы себептүү-иликтөө принцибине үйрөтөт, кадимки буюмдарды өзгөчө ыкмада колдонууну билет, аны менен баланын аӊ-сезиминин чегин кеӊейтет, ата стресстерден коркпойт, себеби алар адамды бышык кыларын билет. Аталар өзүлөрүнүн бул мүнөзүн балдардын «мээсине куя бербеши» керек, тескерисинче, аларды колдон келишинче коргоп, жайылтышы керек, алар - балдарыӊызга берген эӊ баалуу белек болот.

EmptyView