Сказки на ночь для ребенка Сказки на ночь для ребенка
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Бала үчүн түнкү жомок

Бала уктаар алдында түнкүсүн 15 мүнөттүк жомок окуу баланы тартиптүү, чечкиндүү, ачык жана айлана чөйрөгө көӊүл бура билгендей кыларын окумуштуулар далилдешкен.

Жомоктун жардамы менен балага жазылган чындыктарды түшүндүрүү жеӊил болот: алсыздарды жана жаныбарларды таарынтпоо, алдабоо, ак көӊүл болуу жана жалган менен жаман ойлорду таанып билүү.

Жомок сөзсүз түрдө жакшы окулар менен аякташы керек. Бул позитивдик ынандыруунун өзгөчө аспабы – жашоо айрым учурларда адилет эмес, бир нерсе окшошпой же ишке ашпай алышы мүмкүн, бирок жакшылык дайыма жамандыкты жеӊет, көктүк бардык кыйынчылыктарды жеӊгенге алы жетет, достор бар ж.б. сыяктуу түшүнүктөрдү берүүгө жардам берет.

Жомок баланын өзүн түшүнүүгө дарам берет. Балдар бир эле жомокту тынбай уга беришет. Бул болсо аларды жомоктогу нерсе түйшөлтөрүн, кызыктырарын же кубандырарын билдирет. Эгер балаӊыз «Түрү суук өрдөктү» дайыма окуп берип турууну талап кылса, балким, ал өзүн жалгыз жана алсыз сезип жаткандыр. Эгер анда көйгөйлөр бар экендигин билсеӊиз (мисалы, досу менен урушуп кетти), ал эми өзү ал тууралуу айткысы келбесе, аны кыйнабаӊыздар, андан көрө туура келген жомокту тандаӊыз да, окуп бериӊиз, ошол жомок эмне кылыш керектигин айтып берет.

Он жылдар бою актуалдуулугун жоготпогон белгилүү жомоктор:

  • Балтадан ботко,
  • Маша жана аю,
  • Колобок,
  • Теремок,
  • түрү суук өрдөк,
  • Чамгыр,
  • Муха-цокотуха,
  • Карышкыр жана жети козу,
  • Ряба тоок,
  • Щуканын каалоосу менен…
  • EmptyView