Вы заметили, что у вашего малыша немного снизился аппетит? Не волнуйтесь. Это совершенно нормально. Вы заметили, что у вашего малыша немного снизился аппетит? Не волнуйтесь. Это совершенно нормально.
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Балаӊыздын табити бир аз төмөндөп калганын байкадыӊызбы?

Ар бир эне баласынын тамактан баш тартканын катуу кабыл алат да, аны кабатырлануу белгиси катары эсептейт. Белгилүү балдар врачы, медицина илимдеринин кандидаты, теле алып баруучу Евгений Комаровский буга эмне себептен кабатырланбаш керектигин түшүндүрүп берди.

– Эгер бала ден соолугу чыӊ, көӊүлү жайдары болуп туруп, эч нерсе жебей, же аз ичип калса, бул анын көйгөйү эмес, сиздин көйгөй – деп баса белгилейт Евгений Олегович. Өзүӊүздүн баланы башканын баласы менен салыштыбаӊыз. Сизде өзүӊүзгө бере турган маанилүү суроо «Бала жей алгысы келген жокпу, же жей албай жатабы?» деп чыгат. Биринчиси – абсолюттук ченемдеги нерсе, экинчиси болсо, эреже катары, баланын ден соолугу таза эмес дегенди туюндурат.

Эгер төмөнкүдөй болсо, кабатырлануунун кереги деле жок:

  • Бала бош болбогондуктан (ойноп жатат, мультфильм көрүп жатат), тамактан баш тартып жатат, жаӊы эле ойгонду жана курсагы ача элек, тамак ичиш үчүн ашыкча дүүлүгүп турат.
  • Бала ичпейт, себеби ооруп жатат. Организм инфекция же вирус менен күрөшүп жатканда, табиттин төмөндөшү – табигый нерсе. Бул учурда баланы тамак ичкенге мажбурлабаӊыз, андан көрө ал көбүрөөк суюктук ичкенин көзөмөлдөӊүз, ооруну дарылаганга оюӊузду топтоӊуз.
  • Өзгөчө өмүрүнүн биринчи жылында табити тандамал. Негизинен ал организмдин керектөөсүн белгиленген аймакта чагылдырат. Көптөгөн балдар 6-10 айында сүт азыктарына көӊүл бурушуп, жашылча тамактарынан баш тартышат, бул толук ченемдүү нерсе. Бирок, бала чоӊойгон сайын, тандоо табити ошончолук күчөп бара жатат – бул кабыл алган адаттарынын кесепети.
  • Бала тамак ичпейт, себеби энергиясын дээрлик жоготпойт. Дем алыш күндөрү алар көбүрөөк сейилдеп, кыймылдап келгенде, берген тамактын бардыгын балдар жакшы жеген себеби ушул экен.
  • Тамакка табит тез өзгөрүп турушу мүмкүн – мисалы, организмде алмашуу процессин активдештирүү жүрүп жатканда, өсүү гормонунун таасири алдында жогорулайт. Табитти жакшыртыш үчүн атайын бир нерсе жасоонун кереги жок, ал эми баланын тамактан баш тартышын трагедия катары кабыл албоо керек.
  • Эгер төмөнкүлөр болсо гана, көӊүл буруу зарыл:

    Айрым учурларда бала жегиси келет, бирок жей албайт. Бул көбүнчө эмчек эмген балдарга тиешелүү. Мындай кулк-мүнөздүн себеби:

  • Тамак ичүүдөгү көйгөй: үрпү жалпак, көкүрөгү «катуу» ж.б.;
  • эмүү, чайноо же жутуу денени оорутат, демек ооз көӊдөйүндө көйгөй бар: стоматит, молочница, тишинин жарылып чыгып жатканына байланыштуу бүлөлөрүнүн оорушу, жөн эле тишинин оорушу, тамак жаатында сезгенген процесс (тонзиллит, (фарингит);
  • ичеги карында көйгөй: айрым учурларда эмчек эмгек балада ээмп башатагандан кийин ичеги карынынын перистальтикасы дароо күчөйт, ал эми ичи көпкөндө, ичи катууга жакын болгондо, сезгенген процесстер болсо, булар ичти оорууну чакырышы мүмкүн;
  • дем алуунун бузулушу: эгер баланын мурду «толуп» калса, ээмп жатканда дискомфорт пайда болот, себеби мурун аркылуу дем алуу мүмкүн болбой калат;
  • тамактын даамы (сорпонун тузу көп, эмизип жаткан эне сарымсак жеп алган, ал болсо сүтүнөтаасир берген, ж.б.) же конкреттүү азыкты жеке көтөрө албастык (балаӊыз манка боткосунан бир да кашык иче албаса – мажбурлабаӊыз);
  • тамактын физикалык мүнөздөмөсү: ысык, муздак, чоӊ кесиндилер, бала болсо чайнаганга али үйрөнө элек, ошентип чакап жатат.
  • Бул көйгөйлөрдүн жарымын ата-энелер өзүлөрү эле чече алат, жарымын – врачтардын жардамы менен чечүүгө болот. Кандай болбосун учурда бул баланы мажбурлап тамактандырууга себеп эмес.

    Эмнелерди жасоо сунушталбайт:

  • баланы ар түрдүү санкциялар, коркунучтуу милиционер-байке менен коркутуп, анын каршы туруусун сындырганга аракет кылбаӊыз;
  • Тамакты оюнга айландырбаӊыз (кашык – бул автомобиль, оозу – ал үчүн гараж ж.б.);
  • Балага параллель табактагы нерсени ичирип, аны китептер же мультиктер менен алаксытканга аракет кылбаӊыз;
  • Бардык порцияны жегенине белек убада кылбаӊыз (оюнчукту, сейилдөөнү, циркке барууну);
  • Тамакты кызыктуу нерсе менен айкаштырбаӊыз – чоӊ энесинин ыры, чоӊ атасынын бийи.
  • EmptyView