Взаимоотношения папы и малыша Взаимоотношения папы и малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Атанын жана баланын өз ара мамилелери

Эне менен ата – ар бир баланын турмушундагы эӊ маанилүү жана жакын адамдары. Эгер эненин ролу бардыгыбызга белгиүү болсо, атанын ролу дайыма түшүнбөстүк жаратып, алардын таасири көмүскө калат. Ал эми балдар өзүлөрүнүн жашоосунда атасына, аны менен достукка, анын кам көрүүсүнө жана коргоосуна муктаж болушат. Эмне себептен атанын ролу дайыма экинчи планда калат? Эне – алды менен бардык вариантты кабыл алуучу, боор ооручу, тынчытуучу адам болуп саналат. Ата – аны дагы бир жолу жасаганга дем берген, ага ишеним жараткан, өзүн өмүр бою аяганга жол бердирбеген, жана жолу болбостуктун себебин түшүнүүгө көмөк көрсөткөн адам. Мындан эмне маанилүү? Экөө теӊ өтө маанилүү.

Баланын өсүүсүнүн жана тарбияланышынын кайсы аспектисинде атанын катышуусу пайдалуу болот:

Өмүрүнүн биринчи жылында баланын дене бойлук өсүүсүндө жана негизги кыймылдаткыч көндүмдөрүн калыптандырууда атанын ролу зор. Эреже катары, аталар менен балдардын оюндары энелери балдарын алаксыткандан бир топ айырмаланып турат: аталар жигердүү дене бойлук оюндарга жакын, алар балдарын ыргыткандан, тегереткенден коркушпайт, аларды тоголонгонго, тоӊкошатканга үйрөтүшөт, ийиндерине көтөрүп алып ойношот. Ата баланын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдө баалуу жардамчы боло алат. Аталар апаларга жана чоӊ апаларга караганда сүйлөгөндү тез үйрөтүп коёрлугу илимде далилденген: бул аталардын балдардын сөздөрүнө ылайыкташып эркелетип сүйлөбөстөн, бардыгын өз орду менен сүйлөп ойнотконуна жараша экендиги белгиленген. Эреже катары аталар балдарына нерселерди манипуляциялаганга үйрөтүшөт (өзгөчө конструкторлорду, баш катырмаларды); атасы менен өз ара аракеттенүү балдардын кругозорун кеӊейтип, алардын кызыкчылык талаасынын кеӊейишине түрткү берет.

Атанын орду «эне-бала» жубунда конструктивдүү мамилени түзүү үчүн да маанилүү. Гармониялуу өз ара мамиле өкүм сүргөн үй бүлөдө баланын өсүүсүнүн белгиленген этабында (негизинен бир жашынан киийн) ата ага энесинен оорутпай «бөлүнүүгө» жана аларга оптималдык аралыкты иштеп чыгууга жардам берет. Айрым психологдор баланын мындай чоӊоюу процессинде баланын өз керебетине «көчүү», бакча менен таанышуу сыяктуу социалдык иш чараларды дал атасы демилгелеп, чогуу болуусун сунушташат. Атасы баланы тышкы дүйнөгө «өткөрүүчү» болуп саналат, ага ылайык бала өзүн коопсуз сезет.

Социалдык иерархияны (баш ийиүүчүлүк жана отчеттуулук) адеваттуу кабыл алууну атасы үйрөтөт. Авторитет эмне экенин түшүндүрөт, жактыруу жана уяткаруу (же жазалоо) сыяктуу социалдык инструменттер менен тааныштырат. Баласы «болгону» үчүн эле аны жакшы көргөн энесинен айырмаланып, атасы баласына белгилүү бир талаптарды коёт, ага баласы шайкеш келиши керек. Баланын жыныстык өзүн таануусу сыяктуу тарбиянын аспектисинде атанын ролу өтө зор. Эркек бала атасын көрүп кулк-мүнөзүнүн моделин калыптандырат, ал кийин (идеалда) ошону карманат. Кыздарга атасы менен баарлашуу өзүн аял катары иденттөөгө жардам берет. Ата – баланын дүйнөгө болгон гиди. Ал берилген суроолордон качпаса, бай чөлкөмдү түзөт, баланын бардык башталышында колдоп турат жана кайсыны кантип аткаруу керектигин көрсөтөт, - ата өз миссиясын аткарат. Ата – анын өзү эле чоӊ баладай, бул анын уникалдуу өзгөчөлүгү. Ата курчап турган дүйнөнү ойной турган чоӊ талаа катары кабыл алат, ата баланы себептүү-иликтөө принцибине үйрөтөт, кадимки буюмдарды өзгөчө ыкмада колдонууну билет, аны менен баланын аӊ-сезиминин чегин кеӊейтет, ата стресстерден коркпойт, себеби алар адамды бышык кыларын билет. Аталар өзүлөрүнүн бул мүнөзүн балдардын «мээсине куя бербеши» керек, тескерисинче, аларды колдон келишинче коргоп, жайылтышы керек, алар - балдарыӊызга берген эӊ баалуу белек болот.

EmptyView