Балдардагы суук тийүүнү туура дарылоо алар бала бакчага эрте кайтып келиши менен гана эмес, ал анын иммунитетинин негизин түзөрү менен маанилүү.
Тез-тез суук тийип турган балдарда иммунитет жок деп ойлогон ата-энелер чоӊ жаӊылышат. Баланын курагы – иммунитет күчтүү жанажигердүү болгон учур. Ал үчүн чыйрыгуулар, ОРВИ, ОРЗ керектелет. Иммунитет «эч нерседен» эле алына бербейт. Анын клеткалары иммундук эс тутумду алышы, тигил же бул козгогучту дароо таанышы үчүн алар менен бетме-бет келиши, аларды таанып, «чоочун» катары эстеп калышы керек. Бирок эмне себептен балдарга суук тийүү жылына 4-5 жолу, ал гана эмес кээде 10 жолу болот? Себеби вирустар өтө көп. Алардын ар биринин мүнөзү ар башка, иммундук тутум үчүн алар айырмаланып турушат, Ошондуктан ар бир жолу жаӊы вирусту же анын түрүн тосуу менен, иммунитет алар менен күрөшүү процессин баштайт жана антителону иштеп чыгарат. Акырындык менен иммунитет баланын социуму үчүн - үйдө, бакчада, мектепте, көчөдө - типтүү болгон инфекцияны козгогучтарды жаттап калат.
Балдардын суук тийүүсүн дарылоодо эмнени жасабаш керек
Иммунитеттин ишине кийлигишүү анын калыптанышын жана өөрчүшүн бир аз кечеӊдетип коюушу мүмкүн. Суук тиийген ооруларды дарылоодо ата-энелер кетирген негизги үч катаны бөлүп көрсөтүп кетели.
- Врачтын дайындоосусуз антибиотиктерди эч качан ичүүгө болбойт. Антибиотиктер дарылоо үчүн кереги жок болгондо, организмден оӊой менен сыртка чыгарылбайт. Алар өзүнүн жигердүү өөрчүшү үчүн ыӊгайлууу жер «таап алышат» да, адам баласынын ченемдеги флорасынын иштешин бузат. Бул болсо дисбактериозго алып келиши мүмкүн (ичеги карындын пайдалуу микрофлорасын бузат); аллергияга – иммундук тутумдун туура эмес реакциясын пайда кылат. Акырында, микробдорго каршы каражаттарды контролсуз иче берүүнүн натыйжасы микробдордун резистенттүүлүгүнө алып келет: алар антибиотиктин аракетине көнүп калышат да, туруктуу штаммдарды иштеп чыгарышат.