Пришло время, когда малыш начинает проявлять самостоятельность Пришло время, когда малыш начинает проявлять самостоятельность
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Бала өз алдынчалуулугун көрсөтүүгө убакыт келди.

Болжол менен 2 жаш курагында бала өзүнө ишенген жана ата энелеринен көз карандысыз болуп чыга келет, ошондуктан сизде бала сизден алыстап бара жаткандай пикир жаралышы мүмкүн. Чындыгында ал айланадагы дүйнөнү өзүнө ачып жатат. Ал тынымсыз сүйлөп баштаганын, сизди туурап жатканын байкай аласыз. Бала көп учурларда атанын жана апанын ролун өзүнө ченеп алат.

Азыр бала бардыгын өз алдынча жасагысы келет: Тамак ичүү, ичүү жана чечинүү- кайсы бир жаӊы көндүмдөрдү үйрөнүү үчүн бул мыкты учур – балаӊызга бул жагат! Айрым учурларда бул тартипсиздикке алып келиши мүмкүн, бирок, ал коркунучтуу эмес. Баланын аракеттерине байкоо жүргүзүү менен ага эксперимент жасаганга уруксат бериӊиз. Ар бир ийгилик жана жол болбоо анын өсүүсүнө көмөк көрсөтөт. Бул этапта баланын өз алдынчалуулугунун жыйынтыгы эмес, ага аракеттердин өзү маанилүү.

Балдарда өз алдынчалуулуктун өнүгүү стадиялары:

  • Бала ата энелеринин аракеттерин байкайт;
  • Бала жардамчы катары чыгат;
  • Бала өзү аракеттенет, бирок чоӊ кишинин жардамы менен;
  • Бала өз алдынча аракеттенет, бирок контролдоого жана эскертип турганга муктаж;
  • Бала абсолюттуу түрдө өз алдынча аракеттенет.
  • Сиздин бала сиз менен же улуу балдар менен гана эмес теӊтуштары менен да баарашуудан канагат алат. Ал балким оюнчуктарын бөлүшкүсү келбестир, бирок акырындык менен сиз аны буга үйрөтө аласыз. 3-4 жашка чыкканда бала муну жасап калат. Көптөгөн балдар көп учурларда түртүшүп, тиштешип, согушкан баскычтан өтүшөт. Мындай учурда так айтыӊыз: «ЖОК», бирок эч качан баланы урбаӊыз жана жооп кылып аны тиштебеӊиз.

    Баланын өз алдынча өсүүсүнө көмөк берүүнү каалабаган ата энелер көбүнчө коркок болушат. Алар бир нерсени туура эмес жасап алышынан жана ал ага жакпай калышынан коркушат, өз алдынча бала тил укпай калабы деп коркушат, жана балага керексиз болуп калуудан дагы өтө коркот. Балага өз алдынча болгонго жардам берсе жана аны эркин инсан катары кабыл алса, анда мындай коркуулар ишке ашпашын түшүнүү керек, ал эми аны жанында контролго алып жүрүүгө аракеттер дал ошонтип балдарын алыстатып алууга алып келет.

    Балдарда өз алдынчалуулукту туура калыптандыруу үчүн психологдор төмөнкүнү сунушташат:

    1. Балага өзүн үлгү кылып шашпай көрсөтүү керек. Бардык кыймылдар бала силерди туураганга жетишиш үчүн жай болушу керек.
    2. Чыдамкай болуу жана балага бардыгын аягына чейин жасаганга мүмкүндүк берүү.
    3. Жакшы жана жаман эмне экенин түшүндүрүү жана алардын чегин ажыратуу.
    4. Баланын катасын талкулообо, тескерисинче, аракеттердин варианттарын айтып берүү.
    5. Балага алды менен өзүн өзү тейлегенди үйрөтүү (тиштерин жуу, жууну, дааратканага баруу ж.б.)
    6. Өз алдынча ойноого үйрөтүү.
    7. Тандоо эркиндигин көбүрөөк берүү жана өзүнүн сабактарын пландоого үйрөтүү.
    8. Балага ченеми менен камкордук көрсөтүү.
    9. Башка адамдар менен баарлашканга үйрөтүү.
    10. . Ролдук оюндар аркылуу турмуштук кырдаалдарда чечим кабыл алууга үйрөтүү.
    11. Баланы үй жумуштарына тартуу жана өбөлгөлөө.
    12. Баланы жоопкерчиликти туура сезүүгө үйрөтүү.
    13. Ишенимдүү болуу сезимин иштеп чыгууга түрткү берүү.
    14. Кагылышууларды башкара алууга үйрөтүү.
    15. Кысымды балага таасир этүү ыкмасы катарында колдонбоо.
    16. Бала менен теӊ укуктагы инсан катары баарлашыӊыз, анын эмоциясын эске алыӊыз жана анын пикирине кызыгыӊыз.
    17. Баланын мүмкүнчүлүгүнө ишениӊиз!

    EmptyView