Натуральные сладости: мед вместо сахара и прочее Натуральные сладости: мед вместо сахара и прочее
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Табигый таттуулар: канттын ордуна бал жана башкалар.

Балдардын баардыгы эле таттууну жакшы кѳрүшѳт. Күн-түнү дебей алар ар түрдүү таттууларды жегенге даяр жана бир момпосуй үчүн чыныгы эрдикке барышат. Балага канттын уруксат берилген ченеми канчалык деген суроо ар бир ата-энени түйшѳлтѳт.

Балага түрдүү таттууларды берип жатып, аны ашыкча пайдалануу түрдүү ооруларга алып келерин унутпаш керек. Мисалы, кариеске – кѳңдѳй түрүндѳгү кемчиликти пайда кылуу менен тиштин катуу ткандарынын бузулушуна алып келүүч дарт. Сахароза бул дартты пайда кыла турган жѳндѳмгѳ ээ экендигин окумуштуулар далилдешкен. Кариес менен аз жабыркаган балдар күнүнѳ 30 граммга жакын таттуу жегендер, бул болсо аны керектѳѳнүн физиологиялык ченемине болжол менен барабар. Дагы бир кѳйгѳй семирүү болуп саналат, бул энергияны коротууга салыштырмалуу тамакты ашыкча ичүүдѳн улам пайда болот, муну алиментардык семирүү деп аташат. Семирүүнүн психологиялык кесепети да болот: ал баланын ѳзүн баалоосун тѳмѳндѳтѳт да, депрессияга алып келет.

Баланы таттуудан толугу менен ажарытап койгонго шашпаңыз. Таттууга болгон сүйүү генетикалык деңгээлден эле калыптанып калган: баланын ѳмүрүндѳгү эң биринчи тамагы –бул эненин сүтү, ага сүттүн канты – лактозу таттуу даамды берет. Кошумча тамакты киргизүү углеводдордун булагынын ассортиментин кеңейтет – баланын организмин углевод менен толук камсыздаган жашылчалардын жана жемиштердин ширелери, ботколор. Балдар жигердүү оюндардын учурунда короткон энергиясынын камдыгын толтурушу, ошондой эле баш мээсинин клеткаларын азыктандыруусу керек. Бул милдетти таттуу мыкты аткарат, бирок эгер сиз балага таттуу бере турган болсоңуз, айрым эрежелерди карманышыңыз керек:

  1. Таттууну тамактан кийин гана жеш керек. Таттуу жегенден кийин сѳзсүз түрдѳ тишти жууп же оозду чайкап коюш керек.
  2. Таттууну тыюу салуунун негизине айландырбаңыз.
  3. Балаңыз тамактан баш тарткан учурда да, тамакты таттууга алмаштырбаңыз. Бала мында баары бир “даамдууну”(т.а. таттууну) берип койгон соң, “даамдуу эмес” (т.а. таттуу эмес) тамакты жебей коюуга болоруна кѳнүп кетет. Андан кѳрѳ, пландабасаңыз да бала менен сейилдеп келиңиз – келгенче анын курсагы ачып калат.
  4. Балага таттуу берип ѳбѳлгѳлѳѳгѳ же мактаганга болбойт. Бул баланын туура эмес тамактануу адатын калыптандырып коёт, кийин бул адатты калтыруу оорго турат.
  5. Ар бир тамак десерт менен бүтпѳшү керек: бош углеводдор ашыкча.

Кайсы таттуулар пайдалуу?

  1. Зефир жана пастила. Зефир (пастила сыяктуу эле) жемиштердин пюресинен, канттан жана жумуртканын белогунан жасалат.
  2. Бал. Мунун аш болумдуулугу баалуу гана болбостон (жеңил аш болуучу канттын – глюкозанын жана фруктозанын эсебинен анын калориялуулугу 335 кал/100г түзѳт) , анын дарылык да сапаты бар.
  3. Мармелад. Курамы боюнча ал зефирге окшош, анын да курамына табигый коюлткучтар, желатин, пектин же агар-агар кирет. Бул таттуу жеңил жана диетикалык болуп эсептелет. Аны балага 2 жашынан баштап берүүгѳ болот, себеби анын курамында зыяндуу кошулмалар жана майлар жок.
  4. Шоколад. Педиатрлар 4-5 жаштагы баланын рационуна кошууну сунушташат. Балдарга сүттүү жана ак шоколад берүү керек, ал эми кара шоколаддан баш тартуу зарыл. Себеби анын курамында какао-күл майда кѳп, айрым балдарда ага аллергия пайда болот. Ошентсе да шоколад – пайдалуу таттуу! Стресстен арылуу, ошондой эле, оорудан кийин иммунитетти жакшыртуу үчүн, окуучулар сынак учурунда жеши сунушталат.
  5. Безе. Безенин курамына кант жана жумутканын белогу гана кирет, ошондуктан ал толук коопсуз. Аны үйдөн деле жасап алууга болот.
  6. Кургатылган жемиштер. Аларда витаминдер жана микроэлементтер аябай көп, алар жүрөк-кан тамыр тутумун жана ашказан – ичеги карындын иштешин өбөлгөлөйт.
  7. Чурчхела. Чурчхела мармеладга, зефирге, пастилага жана лукумга караганда калориялуу таттуу. Анын курамында жаӊгак бар, ошондуктан ал пайдалуу белокторго жана майларга бай, бирок жаӊгактардын эсебинен бул таттуу аллергиялуу болуп саналат.
  8. Нуга. Нуганын курамында баалуу белоктор жана майлар бар, бирок негизги компоненти – углеводдор. Нуганы балдар 3 жашынан баштап жесе болот.
  9. Халва. Халвадан бала магнийди, кальцийди, калийди ала алат. Халваны 3 жаштан баштап жешет.

EmptyView