Полезные рецепты Полезные рецепты
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Пайдалуу рецептер

Бала үчүн кошумча тамак - бул айлана чөйрөнү таанып билүүнүн дагы бир ыкмасы. Туура кошумча тамак берүү менен сиз балаӊызга дал азыр саламат адаттарды үйрөтө аласыз.

Аларда колдон келишинче витаминдер көп сакталышы үчүн жашылчаларды даярдоого сунушталган убакыт. Мындай ыкма менен даярдалган жашылчаларды, жемиштерди жана этти сиз боткого, пюреге жана супка айландырсаӊыз болот.

Жашылчаларда бардык витаминдер сакталып калышы үчүн:

  • Сүрүлгөн ак кочан капустасын болжол менен 15 мүнөттөн 25 мүнөткө чейин бышырат.
  • Брокколини болжол менен 7 мүнөт бышырат. Тоӊдурулганы 10 мүнөт бышырылат.
  • Түстүү капустанын гүлүн болжол менен 15 мүнөт бышырат. Тоӊдурулганын 15-17 мүнөт.
  • Брюссель капустасын болжол менен 8 мүнөт бышырат. Тоӊдурулган капустаны 12 мүнөт бышыруу керек.
  • Сабизди бүтүн бойдон болжол менен 25-35 мүнөт бышырат.
  • Шпинатты 3 же 5 мүнөт бышырат. Тоӊдурулганын – 5 мүнөт.
  • Кесимдерге бөлүнгөн ашкабакты 35 мүнөт бышырат.
  • Бүтүн бойдон картошка 25-35 мүнөт бышырылат. Тууралган картошка болжол менен 15 мүнөт бышырылат.
  • Тууралган кабачокторду болжол менен 10 мүнөт бышырышат. Орто көлөмдөгү бүтүн кабачокторду жарым саат бышырат.
  • Бышырууда бардык жашылчаларды кайнап турган сууга салышат. Май кошконду унутпаӊыз – муздак сыгылган оливка майы жакшы болот.

    Бууда бышыргычтачы?

    Жашылчаларды даярдоо убактысы:

  • брокколи – 20 мүнөт
  • буурчак, төөм буурчак – 20 мүнөт
  • спаржа – 10 мүнөт
  • сельдерей – 15 мүнөт
  • картофель – 20 мүнөт
  • пияз – 15 мүнөт
  • ашкабак– 15 мүнөт
  • шпинат – 15 мүнөт
  • помидор – 15 мүнөт
  • цукини – 15 мүнөт
  • сабиз (тууралган) – 15 мүнөт
  • болгар калемпири – 15 мүнөт
  • түстүү капуста – 15 мүнөт
  • Жемиштерди даярдоо убактысы

  • алмалар, алмуруттар – 5 мүнөт
  • кара өрүктөр – 10 мүнөт
  • шабдалылар – 10 мүнөт
  • ананас – 15 мүнөт
  • Эт жана балык:

  • Бууда бышыргычта эт – 20 мүнөт
  • бууда бышыргычта балык – 15 мүнөт
  • EmptyView