Подвижные игры для малышей Подвижные игры для малышей
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Бала үчүн кыймылдуу оюндар

Бала үчүн кыймылдуу оюндардын баалуулугу зор. Жигердүү кыймыл учурунда баланын дем алуусу, кан айлануусу жана организминдеги алмашуу процесстери мыкты жүрөт. Андан тышкары, кыймылдуу оюндар баланын кыймылынын координациясын, реакциясынын жана көӊүл буруусунун тездигин өстүрүп, күчүн жана чыдамкайлуугунун машыктырат, импульсивдүүлүгүн жоготот.

Бул оюндардын жүрүшүндө балдар жалпы эрежелерге баш ийүүгө жана жамаат менен бирге аракеттенүүгө үйрөнүшөт; аларда чынчылдык, адилеттик, тартиптүүлүк сыяктуу сапаттары калыптанып, өөрчүйт, боор оору сезими өсөт жана бири-бирине жардам берүүнү каалоо пайда болот.

Бала үч жашка чыкканда мурдагыга караганда тыӊ басып, чуркап, жөргөлөп, бийиктиктерге чыгып калат, ошондуктан кыймылдуу оюндардын кыймылдуу маӊызы бул жашта дал ушундай аракеттерге негизделген.

Күндүн күзгүдөн чагылышы – күндүн кулагы (Солнечный зайчик). Күзгүнү алыӊыз да, күзгүдөн күндүн чагылышуусунун нурунан нерсенин бетине сары так кантип пайда болорлугун көрсөтүӊүз: «Бул күндүн кулагы». Баланы алаканы менен «күндүн кулагын» кармаганды сунуштаӊыз. Эгер «күндүн кулагы» жерде болсо, анда аны буту менен басып, кармаганга болот.

Блин жана оладушкалар. Бул оюнду көчөдө ойногонго жакшы, ага ар түстөгү бор керектелет. Ортого чоӊ айлана сызыӊыз (бул «блин») да, ага тегерете бир нечем майда айлананы (оладушкалар) тартып коюӊуз. Балага «блин» же «оладушка» деп айтыӊыз, сиз кайсынысын айтсаӊыз, бала ошол айланага секирип турсун.

Класстар. Бала кезиӊиздеги бул оюн эсиӊиздеби? Асфальт бетине бор менен класстарды чийиӊиз. Класстарды тартуунун варианттары өтө көп. Кичине балдар үчүн жөнөкөй класстарды тартып, клеткалар боюнча катары менен секиргенди сунуштаӊыз, аны менен кошо эсептегенди үйрөнүшөт.

EmptyView