Плюсы танцев в развитии малыша Плюсы танцев в развитии малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланын өөрчүшүнө бийлердин артыкчылыгы

Дене бойлук өсүү бала үчүн өтө маанилүү: сөөк-булчуӊ тутуму калыптанат, дем алуу аппараттары, координация жөндөмү жакшырат. Мунун бардыгы ден солугуна жана иммунитетине пайдубал болот. Андан тышкары, балага туура тандалган дене бойлук жүк баланын интеллектуалдык өөрчүшүнө таасир этет.

Спорт менен алектенгенде артыкчылыктары менен кошо бир топ кемчиликтери болсо, бий менен алектенүүдө – бардык жаш куракта дене бойлук оптималдык тандоо болот.

  1. Дене бойлук саламаттык Бий муундарга, жүрөккө жана интервалдык жүктүн жана булчуӊдардын бардык тобуна бирдей таасир эткенинин эсебинен кан айлануунун бардык тутумуна оӊ таасир этет. Андан тышкары, бийде эч кандай каршы көрсөтмө жок.
  2. Психологиялык саламаттык Бул терс энергияны чыгарганга жардам берет, ошондой эле өзүнүн ички толгонуусуна эркиндик берет.
  3. Эс тутумдун жана интеллектинин өөрчүшү Бий менен туруктуу алектенүү эс тутумду - кыймылдарды, кадамдарды, партияларды, комбинацияларды жаттап калууга машыктырат да, мыкты машыгуу болуп саналат! Мейкиндикте багыт алууну жакшыртуу менен чыдамкайлык, туруктуулук, жигердүүлүк, жолдоштук жана өз ара жардамдашуу сезими сыяктуу сапаттары калыптанат.
  4. Коммуникация жана социалдык адаптация Ал гана эмес эӊ кичинекей балдар дагы бий аркылуу баарлашууда өзүлөрүнүн керектөөлөрүн ишке ашырышат, балдар жалпы тил тапканга, жупташып иштегенге, өнөктөшүн сезгенге, каршы жынысындагы жана түрдүү жаш курактагы адамга сый мамиле жасаганга үйрөнүшөт. Мындай балдар өзүнө тереӊ ишенип өсүшөт.
  5. Эстетикалык өсүү Кыймылдын эстетикасы, музыканы түшүнүү, мыкты хореография жана кооз костюмдар, мунун бардыгы бир комплексте табиттин жакшы тарбияланышына көмөк көрсөтөт.
  6. Эл адында чыгып сүйлөө көндүмү
  7. Артистүүлүк Музыканы түшүнүү, ритмди сезүү, импровизациялай билүү – мунун бардыгын бийлеп жатып үйрөнүүгө болот.
  8. Координация Бий баланын грациясын, булчуӊ эс тутумун өөрчүтүүгө жана балалык эпсиздикти жеӊүүгө жардам берет.
  9. Дене бойлук өсүү Бий менен алектенген балдардын кыр аркасы сейрек кыйшаят, пропорционалдуу өнүккөн булчуӊ тутумуна ээ, дене бою түз болуп, сулуу басышат.
  10. Кесиптик спорттук карьера бардык куракта 5-6 жашка чыккандан кийин бала спорттун көптөгөн түрү менен алектене жана кесиптик ийгиликтерге жетише албай калат – бирок дал ушул бийде бардык жаш куракта кесипкөй бийлеп баштоого, мелдештерге катышууга жана эл аралык класстагы спорттун чебери наамына жетишүүгө болот.
  11. Универсалдуулук Бий бардык жаш курактагы балдарга туура келе берет жана эркек балдарга да, кыздарга да кызыктуу болот.
  12. Практикалык колдонуу Денесин башкара билүү, мыкты бийлөө жана эл алдына чыгуу – мунун бардыгы балага бардык убакытта пайдасы тиет.
  13. Ар түрдүүлүк Бий гана бий болуп туруп, түрүн өзгөртө алат. Демек, ар бир баланын жөндөмүнө, кызыгуусуна жана темпераментине жараша багыт тандап алууга болот. Балет, хип-хоп, элдик бийлер, курсак бийи ж.б. Ар бир бала өзүнө жакканын тандап алат.
  14. Ата-энелери менен бирге алектенүү мүмкүнчүлүгү Анын башталышын колдосоӊуз, бардык бала кубанат!

EmptyView