Удаленная работа из дома с ребёнком Удаленная работа из дома с ребёнком
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Бала менен үйдө отуруп, аралыктан иштөө

Көптөгөн аялдар эне болуу менен жана «декреттеги эне» статусуна бир аз көнүп алгандан кийин өзүн –өзү реализациялоо жөнүндө эстешет. Энелер борщ жасап, кир жууганды эле каалабастан, баланын жанында аны менен бирге өсүүнү да каалашат, ошондуктан алар аралыктан иштөөгө тандоо жасашат.

«Аралыктан иштөөнүн» жакшы жактары.

  1. Балаӊызды стресске кабылтпай жана энесинен ажыратпай, анын жанында иштей аласыз.
  2. Бала ооруп калса, бейтапканага кезекке туруп, бейтап баракчасына чуркап жүрбөйсүз, андан кийин жетекчи сизге нааразы болгонун да сезбейсиз.
  3. Сиз өзүӊүзгө өзүӊүз кожоюнсуз, өзүӊүздүн иш графигиӊизди өз алдынча түзүп аласыз. Ишиӊизге 24 саат бою кире аласыз.
  4. Жолго, түшкү тамактанууга, алардын ортолорунда бир аз шам-шум эткенге акча коротуунун кереги жок. Кеӊсеге кийгенге көп кийим сатып алуунун, аларды жууп туруунун жана үтүктөөнүн да зарылдыгы болбойт.
  5. Өзүӊүздүн кирешеӊиздин деӊгээлине өзүӊүз жооп бересиз. Бул айда иштебей койсоӊуз да болот, кийинки айда көбүрөөк иштеп – кирешени эки эсе ала аласыз.

Кемчиликтер жана кыйычылыктар.

  1. Үйдөн жалкоолонгон жана ал ишти кийинкиге калтырган оӊойго турат. Сиз өзүӊүздү өзүӊүз өбөлгөлөө үчүн жана тартибиӊизди бекемдөө үчүн бир топ күч керек. Аны менен бирге үйүӊүздөгүлөр да сиздин улам «тынчыӊызды ала бербегенге» көнүшү керек.
  2. Эгер сиз же балаӊыз ооруп калса, бейтап баракчасын сизге эч ким төлөп бербейт. Эгер аралыктан иштөө сиздин негизги акча тапкан каражатыӊыз болсо, финансыны пландоодо муну да эске алуу зарыл.
  3. Дайыма төрт дубалдын ичинде болгондуктан, сизге баарлашуу жетишсиз болушу мүмкүн. «Аралыктан иштөөдө» отурган эне үчүн эӊ татаал учур – баланын «бир жаштан үч жашка чейинки» мезгили. Эгер бала мурда тамак ичип, уктап жана жөргөлөп гана жүргөн болссо, эми ал басат, жыгылат, баарлашууга кызыгат. Аны менен бирге бала бул учурунда энеге абдан үйрүлүп калган болот жана «мен иштешим керек» деген сөздү такыр түшүнбөйт.
«Аралыктан иштөөдө» өзүӊүздүн иш графигиӊизди туура уюштуру үчүн жумушчу орунуӊузду дароо даярдап алганыӊыз оӊ. Өзүӊүздүн жумушчу столуӊуз, отургучуӊуз же кресло-кап - иштешиӊиз үчүн ыӊгайлуу шартты түзүп берет. Өзүнчө бөлмө бөлгөнгө болбосо, сиз иштеп отурган жерди зоналап бөлүп коюӊуз. Бир жарым жаштан баштап балдар «меники» деген сөздүн маанисин жакшы түшүнүп калышат. Кресло-кап, планшет жана стол меники, ага жологонго болбойт деӊиз. Чек араны белгилеп алуу сиздин нервиӊизди сактайт жана кыжаалат кылбайт.

Үй иштерин өкүлдөө. Үйдө иштеген энеге үй иштеринин көбүн бирөөнө өкүлдөп коюуну үйрөнгөнү жакшы болот. Тамак аш. Супермаркеттерге күчүӊүздү жана убактыӊызды коротпостон, тамак аш өндүрүмдөрүн жеткирип берүү кызматынан пайдалансаӊыз болот. Тазалоо. Муну клинингге ишенип бериӊиз. Сиздин курбу-энелериӊиз ишенген адистердин телефондорун сизге дароо беришет. Балага кам көрүү.

Бул мамлекеттик бала бакча болобу, же жеке менчик болобу, же зарылдыкта үйгө келип, сизге жардам берип турган баккыч аял болобу – алдын ала чечип алыӊыз. Мисалы, дедлайндар учурунда. Коомчулук үй иштерин башкаларга өкүлдөп койгондорго көпчүлүк учурларда сын мамиле жасашат, бирок чындыгына келгенде, бул бардык, ал гана эмес иштебей отурган аял үчүн сактап калуу болуп саналат. Балага кам көрүү – бул чоӊ эмгек. Күнүн пландоо. Идеалдуу дүйнөдө сиздин күнүӊүз ишке да, балага да, үй-бүлөгө да, жана өзүӊүзгө да көӊүл бургандай түзүлүшү керек. Эгер мындай так планнинг сизге туура келбесе, күндү чоӊ үч зонага бөлүүгө болот: бала, иш, эс алуу. Бул сааттарды сиз бир күнгө бөлүштүрөсүз. Түнкүсүн уктоо абдан маанилүү. Күндүзгү уйку түнкүдөгүдөй болуп ресурстардын ордун толтуруп бере албайт.

Ошондой эле өзүӊүзгө көӊүл буруу да маанилүү. Сиз бардык убактыӊызды балага бөлүш керектей сезилиши мүмкүн, бирок андай эмес: дайыма стрессте жүргөн эне баласына толук кандуу көӊүл бөлө албай калат. Чуркаганга, сериалдарды көргөнгө, хоббиӊиз менен алектенгенге, окуганга аракет кылып көрүӊүз. Убакыт өткөн сайын «мен энемин да» деген уялуу сезим акырындап жоголушу керек. Какшык-эне катары өзүӊүздү сезбеш үчүн, бала экөөӊүздөрдүн жалпы кызыкчылыгыӊыздарда иштеӊиздер. Жаныӊызда сизге өтө жакын болгон кичинекей адам жыргап жүргөндө үйдө иштеген жеӊилирээк болот. Жалпы хоббиӊиздер болсо, анда энеси иштеп жатканда, эмне себептен аны алаксытпоо керектигин балага түшүндүрүү оӊойго турат.

Өзүӊүздүн иш процессиӊизди уюштуруу үчүн, бир нече эрежени карманганга аракет кылыӊыз:

  • Убактыӊызды ишке пландаӊыз жана дайыма камдык вариант калтырыӊыз
  • Иш ордуӊуз ишке дайыма даяр болушуна көз салыӊыз (ал жерди таза жана тартипте кармаӊыз)
  • Аларды издөөгө убакыт коротпош үчүн файлдарды, документтерди жана блокнотторду уюштуруӊуз
  • Алаксыбаганга жана маселеге көӊүл бурууга үйрөнүӊүз.
  • Түрдүү варианттарды колдонуп көрүӊүз, жана сиз өзүӊүздүн алтын ортоӊузду таап аласыз да, баланска жетишесиз.

    EmptyView