Развитие и игры малыша Развитие и игры малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Баланын ѳсүүсү жана оюндары

Баланы алаксытуунун кызыктуу ыкмалары Оюн баланын ой жүгүртүүсүнүн жана сезиминин ѳѳрчүшүнѳ түрткү берет. Мында анын энеси - эң алгачкы жана маанилүү машыктыруучусу болуп саналат. Сиз баланын курагына жараша оюнчуктарды жана ага ылайык фантазияңызды колдоно аласыз. Ата-энелери менен ойноо балага дүйнѳ таанып билүүгѳ түрткү берип, кѳңүл буруусун жогорулатат, кебинин ѳсүшүнѳ түрткү берет, ѳзүнѳ ишенүү жана интеллектуалдык ѳсүүсү үчүн керек болгон айлана чѳйрѳнү контролдоо жѳндѳмүн калыптандырат. Баланын дене бойлук жана психикалык андан ары ѳсүүсү үчүн алган негизги кѳндүмдѳрүнѳн сырткары, ата-эне менен мамилени чыңдоого оюн ѳтѳ зор таасир этет.

Баланы ѳбѳлгѳлѳѳ ыкмалары

  • Манжалардын оюну менен же укалоонун жардамы аркылуу балага ѳз колдорун, манжаларын таанып билгенге жардам бериңиз.
  • Бала полдо жатканда, ага оодыралууга жардам бериңиз.
  • Бутун басууга даярдаңыз – тик турганга жана секиргенге ойнотуңуз.
  • Буюмдарга жеткенге жана оюнчуктарды алганга баланы түрткү кылыңыз.
  • Баарлашуу үчүн жаңы кыймыл аракеттерди киргизиңиз (басып бара жатканда, баланы колуңузга алыш үчүн ага колуңузду сунуңуз, «бетиңизди колуңуз менен жаап, жашынмак» ойноңуз).
  • Балага үн чыгарган оюнчуктарды карматыңыз (барабанЮ шылдырак, маракас).
  • Дүкѳндѳн алынган оюнчуктар менен чектелип калбаңыз – түстүү кагаздар толтурулган кутуча же тамак аш үчүн контейнер дагы кызыктуу оюнчук боло алат.
  • Баланын маанайына кѳңүл буруңуз: эгер ал бактылуу жана ыраазы болсо – аны менен жигердүүрѳѳк оюн ойноңуз, ал эми чарчап, тынч эмес болсо – терметип, уктатып коюңуз.
  • Оюндар үчүн негизги материалдар Шылдырактар, бир түстүү жана ар түстѳгү оюнчуктар, коңгуроолор, түрдүү текстурадагы буюмдар, музыкалык оюнчуктар, тиштин чыгышы үчүн бумдар, китептер, сүрѳттѳр, кичинекей күзгүлѳр (2,5 айында курсагына оодарылгандыгы үчүн сыйлап берүүгѳ жарайт), килемчелер, баш катырмалар. 6 айынан баштап жыгачтан блокторду, түстүү жеңил шариктерди, балдар бассейнин, оюнчук телефондорду, жүгүртмѳктѳрдү, ѳчүп-жанган жана күйүп турган оюнчуктарды колдонууга болот.

    Бир жаштагы бала менен алектенүү

  • Балаңызда бир топ түрдүү оюнчуктары болушу керек.
  • Пластилин, жыгачтан блоктор (бала алардан бир нерсе кура алат, же телефон катары колдонуп, бир нерсени такылдата алат) сыяктуу кѳп функционалдуу обнчуктарга басым жасаңыздар.
  • Балдар бирѳѳнү тууроо аркылуу кѳп нерсени үйрѳнѳт, ошондуктан сиз бир иш жасап жатканда ал сизди байкап турсун.
  • Оюнга “жардамчы” материалдарды аралаштырыңыз (картон кутучалар, карточкалар, кубиктер, фигуралар, идиштер).
  • Баланын ѳз алдынчалуулугун ѳбѳлгѳлѳңүз, ал ѳз алдынча жегенге аракетенип кѳрсүн.
  • Манжа оюндарынын жардамы менен, куруу, сүрѳт тартуу, пластилинден ар кайсы фигураларды жасоо аркылуу баланын колунун майда моторикасын ѳѳрчүтүңүздѳр.
  • Баланын социалдашына түрткү бериңиз – топтук оюндарды уюштуруңуз, балдар аянтчаларына, парктарга барыңыздар.
  • Ырдаңыздар жана китеп окуңуздар (бала телевизорду узакка кѳрүүсүнѳ же смартфондо ойноосуна жол бербеңиз), сүрѳттѳрдү кѳрүңүздѳр, объектилердин атын атаганга балага жардам бериңиз.
  • Оюндар үчүн негизги материалдар Басма оюнчуктар, түрдүү ѳлчѳмдѳгү шариктер, чоң деталдары жана калем саптары менен жѳнѳкѳй баш катырмалар (алар баланын жаш курагына шайкеш келиши керек), кутучалар, барактар жана сүрѳт тартуу үчүн түстүү карандаштар, ат үстүндѳ жүрүүгѳ оюнчуктар, кум бетинде ойноого сууда ойноого оюнчуктар (кичине күрѳктѳр жана тырмооктор, чакалар, түрдүү кѳлѳмдѳгү чынылар), кичинекей үтүктѳр, чайнектер, чѳп чапкычтар, куурчактар, автомобилдер, музыкалык жѳнѳкѳй аспаптар, үйлѳр, сыйгаланма дѳңчѳлѳр, селкинчектер, спорттук бурчтар.

    EmptyView