Как насчет шоппинга за удобной одеждой? Как насчет шоппинга за удобной одеждой?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Ыӊгайлуу кийим үчүн шоппинге барсачы?

Кош бойлуу учурунда аял абдан жакшынакай көрүнгүсү жана ушул сонун мезгилдин ар бир бактылуу күнүнө ырахаттангысы келет. Келечектеги эне өзүн жайлуу сезиши үчүн, гардеробун туура тандашы керек. Кош бойлуулар үчүн заманбап кийимдер шаар ичинде ыӊгайлуу сейилдөөгө, салтанаттуу иш-чараларга жана жумушчу күндөргө багытталган. Жынсылар, сви-терлер, көйнөктөр, блузкалар жана гардеробдун дагы башка кийимдери келечектеги эненин дене боюнун өзгөрүшүн эске алуу менен даярдалат.

Кош бойлуу учурунда өзү үчүн кийим сатып алып жатып, анын мезгилдүүлүгүн эске алуу ке-рек. Мисалы, кош бойлуулуктун экинчи же үчүнчү триместри жай мезгилине туура келсе, са-рафан, көйнөк, лосина же кыймылга тоскоолдук жаратпаган, курсакты кыспаган жана көнгөн жашоо образынан баш тарттырбаган дагы башка жеӊил кийимдерди сатып алуу керек. Бирин-чи айларында аялдар кош бойлуу экендигин билбей да калышы мүмкүн, себеби орга-низмдин өзгөрүү белгилери бардыгында эле боло бербейт, курсак дагы анча өспөйт. Дене бой өзгөрмөйүнчө, кадимки эле кийимин кие берсе болот. Бирок өзүн андан да ыӊгайлуураак жана ишенимдүүрөөк сезиш үчүн, биринчи триместрде төмөнкүлөрдөн алыс болуу керек:

  • кандын ченемдүү айлануусуна тоскоолдук жаратуучу өтө тар кийимден;
  • синтетикалык кездемеден кийимдерден;
  • аба ырайына туура келбеген кийимдерден (үшүп, суук тийгизип албаш үчүн, бир аз жылуураак кийинүү керек).
  • EmptyView