Секреты здорового сна малыша Секреты здорового сна малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Баланын тынч уйкусунун сыры.

Уктап жаткан баланы карап эле тургуӊ келет. Мындай назиктикти, аны менен бирге турмуштук кубатты башка эч жерден таппайсыз. Баланын уйкусу анын өзү эле үчүн гана эмес, көп нерсени жасаганга жетишип алышы керек болгон энеси үчүн да маанилүү. Баланын өмүрүнүн биринчи жылдары кайсы бир график жөнүндө айтууга да болбойт. Бала укмуштай ылдамдык менен өзгөрөт. Анын биоритми аба ырайына, жыл мезгилине жараша болот… Уйку тынчпы же жокпу – баланын жалпы абалынын көрсөткүчү болуп саналат. Баланын уктоо убактысы эне үчүн – алтын убакыт, ал учурда бир аз эс алып алууга болот. Бала жакшы укташы үчүн эмне кылуу керек? Эмнеге көӊүл буруу зарыл?

Баланы түрдүү үндөргө көндүрүӊүз.

Бул эмне себептен маанилүү? Себеби баланын жанында дайыма эле буттун башы менен басып жүргөнгө боло бербейт – кир жуучу машинаны иштетиш керек, тамак жасоо керек… Албетте, турак аянтында мүмкүнчүлүк болсо, бардык аянт өзүнө гана тиешелүү болгон баланын өзүнүн бөлмөсүнөн артык эмне бар. Бирок бардыгында эле мындай боло бербейт. Ошондуктан кош бойлуу кезде эле баланы ар кандай үндөргө көнүктүрүүнү адистер кеӊеш беришет. Эӊ натыйжалуу ыкма – музыка. Классикалык композицияларга басым жасап, жагымдуу мелодияларды иштетиӊиз. Чаӊ соргучту же кофе майдалагычты иштетип жатып, жасап жаткан иштериӊиз тууралуу айтыӊыз, баланын реакциясына көӊүл буруӊуз. Үн өтө катуу болбошу керек.

Бала өзүнчө жатышы керек.

Катуу мамиле жасоону талап кылган нерселер бар. Бала өз керебетинде укташ керек. Келечекте өзү тынч укташы, жубайлык милдетти аткарышы, баланы чоӊ энесине алып барышы же бала бакчага бериши керектигин эске алып, бул адатты калыптандырып алуу зарыл. Эртеби кечпи бала энесинен алысташы керек, ал канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы болот.

Ток курсак менен тынч уктайт.

Бала тууралуу айта турган болсок, ал эмчек ээмп жатып эле уктап кетет. Бул деле жакшы адат эмес, бул эненин абалын барымтага калтырып коёт. Баланын тиши эрте жарылып чыкса, баланын назик денесиндеги жаагынын жабылып турушу катуу оорутат. Бала уктап келе жатканын көрсөӊүз, акырын эмчегиӊизди чыгарып алыӊыз. Бала бир жаштан ашкандан кийин аны түнкүсүн тамак ичпегенге көндүрүү керек. Таза абадагы кечки сейилдөө, укалоо, киринтүү уйкуну жакшыртат.

Бирок башкысы- эненин жакшы маанайы. Бул баланын ичинин бурап оорусуна да таасир этет. Өзүӊүздү аяӊыз, көбүрөөк эс алыӊыз! Бул экөөӊүздөргө теӊ керек.

EmptyView