Разговор с мужем о предстоящей овуляции Разговор с мужем о предстоящей овуляции
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Алдыдагы овуляция жөнүндө күйөөсү менен сүйлөшүү. Келечектеги атага кеӊештер.

Алдыдагы овуляцияга чейинки күндү эсептөө бул иштин жарымы гана, буга өнөктөштү да даярдоо керек. Мында кеп моралдык даярдык же пландалган убакыт жөнүндө гана эмес, ке-лечектеги атаны да даярдоо жөнүндө жүрүп жатат.

Эркекке өзүнүн овуляция күндөрү жөнүндө гана билдирип койбостон, «анын графигин» да билүү керек. Эки күндө бир жолу жыныстык катнашка барганда «сапаттуу» сперма иштелип чыгат. Сиз овуляция убагын «таап алсаӊыз» да жакшы болот. Алсак, эгер сиздин овуляция убактыӊыз циклдин он төртүнчү күнүнө (сизде 28 күндүк цикл) туура келсе, циклдин 12, 14 жана 16 күндөрү эӊ ыӊгайлуу күндөр деп эсептелет, ал эми циклдин 11, 13 жана 15 күндөрү кармануу күнү болот. Капага чөгүп кетүүгө болбостугун эсиӊизден чыгарбаӊыз. Урукту чы-гаруу төрт күндө бир жолудан кем болсо, сперматозоиддердин кыймылдуулугу олуттуу төмөндөйт.

EmptyView