Пейте достаточное количество воды Пейте достаточное количество воды
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Жетиштүү өлчөмдө суу ичиңиз.

Кош бойлуулуктун 13 -жумасы болочок энеге бир аз ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн. Бул убакыттын башында, көптөр ич катуунун жагымсыз көйгөйүнө туш болушат. Бул тамак сиңирүү органдарынын булчуңдарынын жакшы абалда эместигине жана ошол эле учурда чоңоюп кеткен жатын ичегилерди баскандыктан, анын перистальтикасын кыйла начарлатат. Бирок, мындай көйгөйлөргө карабастан, кош бойлуу кезде ич алдырма дарыларды ичүүгө тыюу салынат!

Ич катууга эмне жардам берет?

  • Булага бай азыктарды көбүрөөк жегенге аракет кылыңыз.
  • Көп суу ичиңиз (күнүнө 8 стакан).
  • Физикалык көнүгүү, зарядка жасаңыз.
  • Рационго жаңы ширелерди киргизиңиз (өзгөчө апельсин жана кара өрүк ширелери пайдалуу).
  • Сиздин жатыныз бул жумада грейпфруттун өлчөмүнө жетти жана ошончолук бекем. Күндүн аягында курсагыңыздын оордугун сезишиңиз мүмкүн.

    EmptyView