Ощущение лишнего веса и первых отеков Ощущение лишнего веса и первых отеков
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Ашыкча салмакты жана биринчи шишикти сезүү.

Кош бойлуу учурунда организм анын ичиндеги жаӊы жашоого ар түрдүү ыкмалар менен адаптацияланат. Алардын ичинен эӊ эле белгилүүсү – эненин курсагынын чоӊоюшу. Тилекке каршы, курсак эле чоӊойбойт. Балким, сиздер согончок дагы чоӊойгонун байкасаӊыздар керек, ал балтырлар менен кызыл ашыктар бир аз шишип калышат. Булардын бардыгы табигый, бирок ошону менен бирге, кош бойлуулуктун бир аз жагымсыз көрүнүшү болуп саналат. Бирок айрым учурларда алакандардын же беттин дароо шишип кетиши олуттуу оорунун, мисалы, преэклампсиянын белгиси болушу мүмкүн.

Преэклампсия бул кош бойлуулуктун кооптуу ооруларынын бири болуп саналат, ал арте-риялык кан басымдын жогорулашы, протеинурия (заарада белоктун пайда болушу) жана шишиктер менен мүнөздөлөт. Буттун көлөмү гормондордун таасиринен да чоӊоёт. Наристе төрөт жолу аркылуу өтө алышы үчүн жамбаштын байланыштыргычтарынын жумшаруусуна жооп берген релаксин гормону тамандардын байланыштыргычтарын да жумшартат. Ошон-дуктан таман сөөктөрүнүн ортосундагы аралык чоӊоёт. Кош бойлуу учурунда салмак ко-шуусунун орточо көрсөткүчү.

Биринчи триместрде салмак анча кошпойт: аял негизинен 2 кг дан ашык эмес салмак ко-шот. Ал эми экинчи триместрден баштап, ал укмуш тез өзгөрөт: айына 1 кг дан кошо ба-штайт (же жумасына 300 г), ал эми жети айдан кийин жумасына 400 г дан кошот (күнүнө болжол менен 50 г).

EmptyView