У малыша началось развитие мозга У малыша началось развитие мозга
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Баланын мээси өөрчүй баштады.

Он экинчи жумада кош бойлуулуктун өөрчүшүнүн биринчи триместри аяктайт. Бул мөөнөттүн аягында түйүлдүктүн узундугу 90 мм, ал эми анын салмагы болжол менен 20 г түзөт. Бул учур-да түйүлдүктүн жашоосунда бир топ олуттуу окуялар болот.

Анын баш мээси интенсивдүү өскөндүгү, жүлүн мээси менен чоӊ жарым шарларынын орто-сундагы байланыштыргычтардын калыптанышы байкалат. Мээсинин түзүлүшүн карап көрсөк, ал чоӊ адамдын мээсинин кичирейтилген версиясын эстетет. Алгачкы айлардын бардыгында түйүлдүктүн канында эритроциттер гана болсо, он экинчи жумада аларга орга-низмдин коргоочусу жана иммундук тутумга тиешелүү болгон лейкоциттер да кошулат.

Ошондой эле тамак аш сиӊирүү органы да өсөт. Бул этапта эӊ өнүккөн орган болуп саналган боор курсак көӊдөйүнүн көпчүлүк бөлүгүн ээлейт, мурдагыдай эле канды гана айландыр-бастан, өт да иштеп чыгара баштайт. Дал ушул он экинчи айдан баштап ичеги карын жи-гердүү өсө баштайт да, чоӊ адамдардыкындай эле илмектерге илине баштайт. Биринчи жолку перистальтикалык кыймыл жүрөт, тактап айтканда, келечекте ал боюнча тамак өтө турган ичеги-карындын булчуӊдары жыйрылат. Түйүлдүк ушул жумадан баштап жанындагы суудан жута баштайт, жана ал анын ичегиси аркылуу өтөт. Бул болсо наристе жарык дүйнөгө келгенге чейин жүрөт. Перистальтикалык толкундар ичегинин булчуӊдарынын машыгуусун туюндурат.

Андан сырткары, түйүлдүктө булчуӊдардын ритмдик кыймылы жүрөт, алар дагы машыгуучуболуп саналат жана дем алууну имитациялайт. Үн жылчыкчасы бекем жабылган, андыктан түйүлдүк жанындагы суулар дем алуу органына киргенге жөндөмдүү эмес.

EmptyView