Улуу баланы үй-бүлөдө кичүү баланын төрөлүшүнө кантип даярдоо керек? Улуу баланы үй-бүлөдө кичүү баланын төрөлүшүнө кантип даярдоо керек?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Улуу баланы үй-бүлөдө кичүү баланын төрөлүшүнө кантип даярдоо керек?

Балдары бар ар бир кош бойлуу аял күмөн санайт: балдардын ортосунда «сүйүүнү» бөлүштүрүү керекпи жана аны кантип жасаш керек. Улуу бала кызганбашы үчүн аны менен кандай мамиле кылуу керек. Үй-бүлөдөгү ролу өзгөргөндө улуу бала эмнени сезет?

Экинчи баланын төрөлүшү биринчи балада стрессти пайда кылып, ал тургай психологиялык жаракат келтириши мүмкүн. Муну өмүр бою көңүл борборунда болуп келип, эми ата-энесинин жана туугандарынын көңүл буруусун бөлүшүүгө тийиш болгон «өзүмчүл» баланын психологиясы менен түшүндүрсө болот.

Инисин же карындашын элестетүү жана аны жандуу көрүү таптакыр эки башка нерсе. Биринчи балаңыз үчүн бул күтүүсүздүк болушу мүмкүн. Бир жагынан ага кызыктуу болот, экинчи жагынан ал жаңы үй-бүлө мүчөсүн каалаган учурда ыргытып жиберүүгө боло турган куурчак катары кабыл алышы мүмкүн.

Бул үй-бүлө үчүн өтө маанилүү убакыт, улуу балдарга алардын үй-бүлөдөгү ролу өзгөрсө дагы, маанилүү экенин көрсөтүү керек.

Сиздер үчүн атайын баланы үй-бүлөдөгү жаңы толуктоого даярдоодо жардам бере турган кеңештерди даярдадык:

  • Бала менен сүйлөшүп, кош бойлуу экениңизди түшүндүрүңүз. УДИге барыңыз, улуу балаңызга ымыркайдын жүрөгү кантип согуп жатканын, кандай экенин көрсөтүңүз. Сиз баланын курсакта кантип өнүгүп жана өсө турганын көрсөткөн сүрөттөрү бар адистештирилген китептерди окуй баштасаңыз болот. Курсактагы балага ыр ырдап же уктаар алдында чогуу жомок айтып берсеңиз болот.
  • Балаңызды үй жумуштарына жардам берүүгө тартыңыз, ага майда милдеттерди ойлоп табыңыз: апасына кыйын болсо, бир нерсе алып келип берүү, гүлдөргө суу куюу, таштандыны чыгаруу ж.б. Бул баланын өз иш-аракеттери үчүн жоопкерчилик сезимин өрчүтүүгө жардам берет, бул кийин кичүү бала менен баарлашууда керек болот.
  • Балаңызга жаңы төрөлгөн ымыркай менен ойноп, жылмаюу керектигин гана айтып бербей, баланы багуу – бул эмгек экенин: жалаякшым алмаштыруу, тамактандыруу ж.б. керектигин түшүндүрүүгө аракет кылыңыз Балага анын ымыркай кези жөнүндө: ал кантип ыйлаганын жана көңүл бурууну талап кылганын; ичи ооруганда, тиши жарылганда, дене табы көтөрүлгөндө кантип уктабай чыкканыңызды айтып бериңиз.
  • Баланы ымыркайдын муктаждыктарына түшүнүү менен мамиле кылууну үйрөтүңүз, ага кам көрүү көп убакытты талап кыларын, анткени ал өзү мурунун аарчый албастыгын, дааратканага бара албастыгын түшүндүрүңүз. Улуу баланын кичүүсүнө болгон достугун жана жакындыгын өрчүтүүгө аракет кылыңыз.
    Ымыркай үйгө келгенден кийин, улуу баланын жардамынан баш тартпаңыз. Сизге жардам берүүсүнө мүмкүнчүлүк бериңиз: жалаякшымды алып келсин, бала менен ойносун, аны терметсин. Анын жардамын жеңил жана ыраазычылык менен кабыл алыңыз. Ошондо улуу бала үйдө болуп жаткан окуяларды жеңил кабыл алат.
  • Улуу баланы кичүүсүнөн ажыратпаңыз. Бирок ошол эле учурда, кичинекей биринчи бала кокусунан кичүүсүнө зыян келтириши мүмкүн экендигин унутпаңыз. Балаңызды коркконуңуздан эмес, жөн гана коопсуздук үчүн акырын жана байкатпай көзөмөлдөңүз. Себеби сиздин «чоң» балаңыз оюнчук эмес, ымыркай экенин түшүнө бербейт

Улуу баланын укуктары бузулбаса, ал ымыркайды оңой кабыл алат. Биринчи балаңыз менен өзүнчө калууга убакыт табыңыз жана анын пикирин угуп, билүүгө кызыгыңыз.

Кандай учур болбосун, энеси канчалык тынч болсо, балдары дагы тынч болот.

Биз тынчсызданбай, өзүңүз үчүң жаңы маанилүү маалыматтарды кабыл алууну сунуштайбыз:

  • Сиз – эки баланын энесиз болдуңуз (же үч, төрт ж.б.)
  • Экинчи бала көбүрөөк камкордукту жана тынчсызданууну талап кылганына карабай, сиз бардык балдарыңызды жакшы көрөсүз.
  • Улуу балаңыз кичүүсүнө кандай мамиле кыла турганы сизден көз каранды болот.

Ымыркай менен гана алек болбой, жашооңузду ушул жерде жана азыр жашаңыз. Сиздин улуу балдарыңыздын чоңоюусунун ар бир көз ирмеми, сиз жарыкка алып келген жаңы жашоо сыяктуу эле маанилүү. Алгач оор болушу мүмкүн, бирок сиз өзүңүз үчүн туура жолду сөзсүз табасыз.

EmptyView